Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ала тамак жасалга

Ала тамак – акак, шуру, бермет, тор сайма, курак, чачы оймо жана башка азем буюмдарын бири-бирине айкалыштыра колдонуу менен жасалган баалуу кооздук. Аны кыз-келиндер төшүнө тагынган. Ала тамактын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюсу болгон. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынышкан. 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башына чейин мындай кооздук Кыргызстандын бардык жеринде болгон. Азыр эл ичинде өтө сейрек кездешет.

Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети"

"Башкы ред. ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов"

Ред. кеңеш: Ө. Ж Осмонов (төрага), Т. Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А. Жуманалиев ж. б."

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)