Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ала-Бугу суусу

Ала-Буга суусу

Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км. алабынын аянты 5820 чарчы/чакырым. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп А-ны түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман - Даван (64 км), Коӊорчок (39 км), Кашка - Суу (33 км), Кум-Арык (23 кж, он), Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Макмал (41 км), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына - Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 м3сек, көбү—124 м3/сек, эн. азы —9,70 м /сек. Сугатка пайдаланы¬лат Боюнда Кош-Дөбө, Конорчок кыштагы Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)