Акыйкат эмес

Ислам дининин муфтийи эл-жер кыдырып чыгып, Апенди жашаган айылга да келет. Шариятты чечмелеп, алтын шилекейин аябай чачыратат да, сөзүнүн аяк ченинде: - Кыямат-кайым учурунда Мукамбет пайгамбар зам-зам дайрасынын жээгине отуруп алып, тирүүсүндө адилет жашап, ак жүргөндөргө өз колу менен бейиштин суусун жуткузуп турат, - дейт. - Жок, олуям! Бейиштин суусун адилет жашап, ак жүргөндөргө гана бергени акыйкатка жатпайт - деп, көпчүлүктүн арасынан Апенди унчугат. - АстаФыралла, кандайча? - дейт анда муфтий таңыркап. - Анткенде бир да молдо, бир да муфтий бейиштин суусунан ооз тийбей калат, олуям, - деп жооп айтыптыр Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)