Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аквариум

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аквариум

Бул үч литрлик айнек банка да, океан балыктары үчүн деңиз суусу толтурулган өтө чоң бассейн океанарий да аквариум болушу мүмкүн. Адатта балдар өздөрүнүн биринчи аквариумдарын төмөнкүчө жасап алышат: көлмөдөн майда чабактарды кармап, айнек банкага суу куюп, кум төшөп, өсүмдүк отургузуп, үлүл салышат да, даяр болгон аквариумга чабактарды коё беришет. Бирок төмөнкүнү эске алуу керек: мындай аквариумду күнгө калтырып койсо, суу ысып, балыктар кырылып калат, болбосо ага нан күкүмүн көп салса, суу ылайланып, бузулуп кетет. Кайсы балыкты эмне менен тамактандыруу керектигин, кайсы үлүлдү аквариумумга коё берүүгө болбостугун так билүү маанилүү. Мисалы, көлмө үлүлү өсүмдүктөрдү бүлдүрүп жибериши мүмкүн. Адегенде кадимки майда чабактарды же анын түрлөрүн - алтын балыктар менен анын түрлөрү: вуалехвост, телескоп, кометаларды өстүрсөңөр болот. Бул балыктар 20 градустан ашпаган температурада жакшы жүрөт.

Балыктуу аквариумду жылыткыч, батарея, мештин жанына коюуга болбойт. Жылдын суук мезгилинде аны терезеден алысыраак кармоо керек. Суунун температурасы 14 градустан төмөндөп кетсе, балыктар ооруп, кырылып калышы да мүмкүн. Аквариумда экзотикалык балыктар - кылыч куйрук, гуппи, макроподдор жакшы байырланып кетишет. Алар жылуулукту жактырышат, ошондуктан суунун температурасы 25 градус чамасында болгону дурус. Мындай аквариум чагылдыргычтуу электр лампасы менен жылытылат.

Аны аквариумдун сырткы капталына илип коюш керек. Аквариумга балыкты коё берерден мурда аны жакшылап даярдап алуу керек: толтура суу куюп, лак жана сырдын жыты кеткиче 2-3 күн коё турган оң. Андан кийин сууну төгүп таштап, түбүнө 5-6 см калыңдыкта жакшы жуулган кум төшөө керек. Анан аквариумга өсүмдүк отургузулат: мүйүз жалбырак, канат жалбырак, элодея, валлиснерия, кабомба, жебе жалбырак сыяктуу өсүмдүктөр тандалат. Андан кийин аквариумдун төрттөн үч бөлүгүнө суу толтурулат. Сууну өсүмдүк жабыр тартпагыдай, түбүндөгү кум көтөрүлбөгүдөй кылып куйгуч менен аяр куюу керек. Андан соң жалбырактары калкып туруучу өсүмдүк - ричия же суу котуру отургузулса болот. Ошентип, өсүмдүк олтургузулду, суу толтурулду, бирок аквариумга балык коё берүүгө али эрте: өсүмдүктөр көнүгүп, суу тунуу керек. Бир нече күндөн кийин суу туптунук болуп калганда гана аквариумга балык коё берүүгө болот.

Майда чабак, алтын балык жана анын түрлөрүн күнүнө бир жолу, мүмкүн болсо тирүү жем: чиркейдин кызыл курту, түтүкчөлөр менен тамактандырган оң. Майда тууралган эт, боор, нандын күкүмүн берсе да болот. Экзотикалык балыктар чиркейдин кызыл курту, суу бүргөсү жана циклоп менен күн алыс тамактандырылат. Кургак жем - кургак суу бүргөсү менен циклопту тирүү жем жок болгондо гана берет. Балыктарга ашыкча жем берүүнүн кереги жок. Кургак жемдин калдыктары суу түбүнө чөгүп, андан суу эскирип, бузулат. Эгер суу бузулуп, ылайланып, түбүнө кир чогулуп кетсе эмне кылуу керек? Анда аквариумдун суусун чоң банкага куюп алып, балыктарды ага коё берүү керек. Банкага аквариумдагы суудан башка суу куюу кооптуу. Анткени банкадагы суунун температурасы аквариумдагыдан төмөн болушу мүмкүн, ал эми балыктар температуранын тез өзгөрүшүн такыр каалабайт.

Андан кийин аквариумдагы суунун көбүн төгүп таштап, чөккөн кир - ылайдан тазалап, жаңы суу куюу керек. Анын температурасы аквариумдагы мурдагы суунун температурасындай болууга тийиш. Ошондон кийин гана балыктарды аквариумга кайта коё берүүгө болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1464, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу