Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акула

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Акула

Балыкчылар менен моряктар бул сөздү көп учурда жек көрүү менен айтышат. Анткени, акула балыктарды үркүтүп жана жеп, торду жыртып кетет, кээде кишиге да кол салат. Акуланын оозунда бир нече катар жайгашкан 1500ге жакын курч тиштери бар. Көпчүлүк акулалардын териси курч тикендүү кабырчык менен капталган, ошондуктан кээде саатына 40 чакырым ылдамдык менен сүзүп бараткан акуланын секин эле жанып өткөнү да катуу жараатка дуушар кылат. Бирок бардык эле акулалар жырткыч эмес. Алардын көпчүлүгү планктон, медуза, майда балыктар менен азыктанат. Акулаларды бири-биринен чоңдугу жана сырткы көрүнүшү боюнча айырмалоого болот. Айрыкча күрсү-балыктын кебетеси өтө таң каларлык. Анын башы зор балкага окшошкондуктан ушундайча аталып калган.

Таң калыштуу акуланын дагы бири - араа тумшук. Анын денесинин узундугу 1-2 м гана болгону менен, көрүнүшү кыйла айбаттуу: башынын бет маңдай жагында сөөктүү тумшугу бар, анын эки капталы курч тикендер менен капталып, чынында эле араага окшоп турат. Акулалар кабыгы териге окшош ири икраларды таштайт же балдарын тирүүлөй тууйт. Бардык акулалардын денесинин сөңгөк бөлүгү (скелети) сөөк эмес, кемирчектен турат. Мындан миллиондогон жылдар мурда өлүп жоголгон балыктардын дене сөңгөгү да дал ушундай болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3340, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу