Актёрдук искусство

Актёрдук искусство - сахналык образ түзүү өнөрү. Актёрдук искусство пьесанын маанисине, жанрына, стилине ж. б. жараша болот. Театр оюнун көрсөтүүдө актёр ойноп жаткан каармандын ички дүйнөсүн ачып, мүнөзүн табууга аракеттенет. Буга ал тубаса мүмкүнчүлүктөрү: үнү (операда, вокалдык искусстводо), дене түзүлүшү, кыймыл-аракети (балетте, бийде), мимикасы, байкагычтыгы, элестете билүүсү, эске тутуусу аркылуу жетишет. Образдын сырткы кебетесин берүү үчүн актёр гримди (кээде беткепти), костюмду пайдаланат. Актёрдук искусствонун негизги максаты турмуштук көрүнүштү оюн түрүндө кайталап көрсөтүү. Анын элементтери байыркы заманда эле диндик, эмгектик, үрп-адат салттарында пайда болгон. Б. з. ч. 5-кылымда Байыркы Грекияда актёрлор атайын балдак (катурна) менен боюн узартып, ар кандай беткеп кийип, үндөрүн катуу чыгарыш үчүн түрдүү чараларды колдонгон. Байыркы Римде актёрдук искусствого айрыкча аскиячыл Эзоптун жана куудул К. Росцийдин чыгармачылыгы дем берген. Орто кылымда Европада карнавал, оюн-зооктор, социалдык шылдың-тамаша, кер-какшыктар кеңири тарап, аткаруучулук өнөрдү такшалткан. Россияда 10-11-кылымда эл кыдырып оюн көрсөткөн скоморохтор пайда болгон. 16-17-кылымда Европада, айрыкча Англияда, Испанияда актёрдук өнөр кесип катары кабыл алынат. Буга Шекспирдин, Лопе де Веганын, Кальдерондун чыгармаларын аткаруу зор демилге болот. 17-18-кылымда Францияда калыптанган классицизм доору актёрдук аткаруучулукка жаңы талап коёт. Актёрдун сахнадагы жүрүш-турушуна, үнүнө (вокал) айрыкча көңүл бурушат. 18-19-кылымда Мольердин, Гётенин ж. б. чыгармаларын аткарууда ал амплуа боюнча калыптанат, башкача айтканда ар бир актёр өзүнө таандык трагик (кайгылуу), комик (куудул), лирик (ашык болгон) резопер (насаат айткан акылман) болуп бөлүнүп, сахнада бир беткей гана ролдорду аткарат. 19-кылымдын соңунда Россияда өз жолу менен калыптанып, замандын талабына, чыныгы турмушка (реализмге) үндөшө баштайт. Буга А. Пушкиндин, А. Грибоедовдун, А. Сухово Кобылиндин, А. Островскийдин, кийин А. Чеховдун, М. Горькийдин сахналык чыгармаларын аткаруу негиз болот. Орустун белгилүү сахна пшмерлеря Ф. Г. Волков, М. С. Щепкиндин демилгеси менен актёрдук искусствонун өзүнчө мектеби калыптанат. Россияда 19-кылымдын 2-жарымынан реалисттик актёрдук искусство идеялык жактан чоң күчкө, чеберчиликке жетишкен. Актёрду тарбиялоодо К. С. Станиславский түзгөн методология дүйнөлүк мааниге ээ болду. 20-жылдарда орустун реалисттик мектептеринин алдыңкы салттарынын негизинде өзбек, тажик ж. б. элдердпн актёрдук искусствосунун улуттук мектептери пайда болгон. Кыргыздарда актёрдук искусствонун элементтери акындардын айтышынан, куудулдардын өнөрүнөн (мисалы, Шаршен, Куйручук), улуттук оюндардан көрүнөт. Кыргызстанда актёрдук искусство совет мезгилинде гана өзүнүн профессионалдык деңгээлине жетти: СССР эл артисти М. Рыскулов, Д. Күйүкова, Б. Бейшеналиева, А. Мырзабаев, Б. Кыдыкеева ж. б. түзгөн образдарда идеялык тереңдик, көркөм жетилгендик ачык көрүнөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)