Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аккумулятор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аккумулятор

Аккумулятор латынчадан которгондо жыйнагыч, топтогуч дегенди билдирет. Ал электр энергиясын топтойт. Эң жөнөкөй аккумулятор - күкүрт кислотасы куюлган банкага салынган эки коргошун пластинка. Электр энергиясын топтоого аккумулятор (заряддалат), башкача айтканда ал аркылуу электр тогу өткөрүлөт. Анын натыйжасында коргошун пластинкасынын сырткы кабаты башка затка - коргошун кычкылына айланат. Ушундан кийин аккумуляторго электр лампочкасын же электр кыймылдаткычын туташтырууга болот. Анда коргошун кычкылы кайрадан коргошунга айлана баштайт да, аккумулятор топтолгон энергияны бере баштайт - лампочка күйүп, электр кыймылдаткычы айланат. Аккумулятордогу топтолгон заряд түгөнгөндө аны кайрадан заряддап, электр топтогуч кайрадан иштей баштайт. Аккумулятор электр тогун зым менен берүүгө мүмкүн болбогон жерлерде пайдаланылат. Заводдун аймагында же вокзалдын платформасында жүргүч электр арабасы - электрокардын кыймылдаткычы аккумулятор менен иштейт.

Авто унаанын кыймылдаткычын ишке келтирүү үчүн адегенде от алдыруу керек, аны электр кыймылдаткычы - стартёр ишке ашырат, ал эми стартёр аккумулятордогу топтолгон электр энергиясын пайдаланат. Суу астында жүрүүчү кайыктардын (эгер ал атомдук болбосо) калакчалуу винттерин электр кыймылдаткычы кыймылга келтиргендиктен суу астында сүзүп жүрө алат, ага энергияны адамдын боюндай чоң аккумуляторлор берет. Космос кемесинде да аккумуляторсуз эч нерсе жасоого болбойт. Анда электр тогун керектөөчү көп аспаптар: радио кабылдагычтар, радио бергичтер, ар түрдүү башкаруу механизмдери, электр лампалар бар. Кеме жердин күн тийип турган жагынан учканда, ал электр зарядын күн жарыгын электр энергиясына айландыруучу күн батареясынан алат. Ал эми кеме жердин күн тийбей турган жагына өткөндө күн батареясынан заряддалган аккумуляторлор ишке киришет. Аккумулятордон алынган электр тогу абдан кымбатка түшөт. Эгер ал кымбат болбосо, аккумуляторду көп учурда пайдаланууга болор эле. Аккумулятор азырынча өтө чоң, оор болгондугу да аны кеңири колдонууга кыйынчылык келтирүүдө. Бирок азыркы кездеги литий-иондук аккумуляторлор уюлдук телефондордо, планшеттерде жана башка көптөгөн санариптик гаджеттерде колдонулат. Айтылган литий-йон аккумуляторлору суюктук толтурулган аккумуляторлорунун ордун акырындан басып келе жатат десек ашык болбос.

Илимпоздор, мисалы, автомобилдин бензин кыймылдаткычынын ордуна пайдаланууга мүмкүн болгудай, жеңил жана кубаттуу аккумуляторлорду жасоого аракеттенишүүдө жана мындай кымылдаткычтар бүгүн эле кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө колдонула баштады. Кыймылдаткычта бензин күйгөндө зыяндуу газдар бөлүнүп чыгат. Ал эми аккумулятордуу унаа мындай газ чыгарбагандыктан, аба булганбай, таза болот жана экологиялык жактан мындай авто унаалар абдан пайдалуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1845, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу