Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Акциз салыгы

Акциз салыгы – Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. КР аймагында акциздик товарларды өндүрүүчү же акциздик товарларды импорттоочу баардык жеке жана юридикалык жактар акциз салыгын төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. Акциз салыгы алынуучу товарлардын тизмесине: а) ичүүчү этил спирти жана тамак-аштык чийкизаттан өндүрүлгөн акталган этил спирти, б) арак, в) ликер-арак азыктары, г) ачытылган ичимдиктер, ширелер жана бальзамдар, д) шараптар, е) коньяктар, ж) шампан шараптары, з) сыралар, и) шарап азыктары, к) тамеки буюмдары, л) курамында тамеки бар башка буюмдар, м) алтындан, күмүштөн, платинадан жасалган зергер буюмдар, н) кытатталган жана кытатталбаган терилер (иттин, коёндун, койдун терилеринен башка), о) нака мех буюмдар, пальтолор, баш кийимдер, жакалар, шубалар ж. б., п) таза териден жасалган кийим-кечелер, р) хрусталдан жасалган идиштер, жарык берүүчү буюмдар, с) ок чыгаруучу жана газ курал-жарактары, т) мунайзат продуктары, у) кофе жана какао, ф) килем жана килем буюмдары кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)