Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акча деген эмне

Баш барак | Экономикалык терминдер | Акча деген эмне

Акча — бул товар же кызматка төлөм катары кабыл алынуучу кагаз же эсептеги жазуу. Акча — жалпы товарлардын жана кызматтардын баалоо эквивалентинин өзгөчө товары.

Мазмуну

Негизи эле «акча деген эмне». Азыркы экономика илими акчанын төмөнкү функцияларын берет:

  1. Баа өлчөмү. Акча баа коюуу менен товардын баасын аныктайт.
  2. Колдонуу каражаты. Алмашуу процессинде акча ортомчунун ролун аткарат.
  3. Төлөө каражаты. Төлөө убактысынын төлөп кутулуу убактысынын дал келбешинин акча функциясы, башкача айтканда товарларды кредитке алуу функциясы.
  4. Топтооо жана сактоо каражаты. Акчанын улуттук кирешенин пайда болуу, бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү процесстеринде катышуу мүмкүндүгү.
  5. Дүйдөлүк акча функциясы экономикалык субъекттер менен аракеттенүүдө айкын болот: ар башка өлкөлдө болгон өлкөлөр, юридикалык жана физикалык жактар мамилеси. (Экономика)

Экономикада акчанын төрт түрү бар: товардык, камсыздалган, фиаттык жана кредиттик. Учурда заманбап акчалардын бардыгы фиаттык акчаларга негизделген.

Акчанын тарыхы. Акча тарыхы абдан кызыктуу. Биринчи акча байыркы заманда эле пайда болуп, биздин заманга чейин келди. Акча үчүн согуштар, революциялар, өкмөт жана башчылардын алмашуулары болуп турган. Акча тарыхтын кыймылдаткычы болобу? Же анын ролу сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен гана чектелиби? Бул суроолорго жооп берүү үчүн акчанын пайда болуу тарыхын, эволюция жолдорун жана дүйнөгө тароо тарыхын карайды.

Байыркы мезгилдерде

Акчанын башаты байыркы уруулардын жашаган мезгилинен башталат. Бирок ал кездеги акчалар азыркы акчадан бир кыйла айырмаланчу. Ал кездеги акчалар акча эмес эле көбүнчө алмашуу каражаты болчу. Мисалы, мал баккан урууларда акча катары мал-мүлк саналчу. Көлгө жакын жашаган урууларда акчанын ролун балыктар ойночу, балыкты нан жана этке алмашчу. Ар кайсы элдин акчанын ролун ойногон өзүнүн буюмдары белгилүү:

Кээ бир жерлерде акча катары буудай жана тузду колдонушчу. Товар-акчаны колдонуу башка уруулар менен алмашып же анын түздөн-түз милдеттерин аткаруучу иштерине жумшаган. Бирок мындай акча колдонууга ыңгайсыз болгон. Ошондуктан төлөмдөрдүн ыңгайлуу формасын колдонуу зарылдыгы келип чыккан.

Металл акчалары

Акырындык менен акча металл түрүнө өтүп, биздин заманга чейинки 7-кылымда басып чыгарылган (чекандалган) тыйындар пайда болот. Мындай акча дүйнө жүзүнө тез тарайт. Мындай атакты түшүндүрүү оңой, тыйындарды сактоо, транспорттоо, бөлүү, кошуу оңой. Алардын салмагы аз, көлөмү кичине болгону менен баасы жогору. Көптөгөн өлкөлөрдө тыйынды басып чыгарууда күмүш, жез жана коло металлдары болгон. Египедде жана Асирийда гана биздин заманга чейин 2000 жыл мурун акча катары алтын колдончу. Товар-өндүрүш мамилелеринин өсүшү менен алмашуу эквивалентин көбөйтүү зарылдыгы чыкты. Ушундан баштар алтын менен күмүш негизги акча болуп калган.

Кагаз акчалар

«Акча деген эмне» деп суроо бергенде биздин ойдо дайыма эле кагаз акчалары эске келет. Акчанын тарыхы кагаз акчанын чыгышы менен жаңы бутакчага бөлүндү. Кагаз акчалар 910-жылы Кытайда пайда болгон. Россияда болсо биринчи акча 1769-жылы Екатерина 2 мезгилинде киргизилген. Банктардын пайда болуусу менен алар акчанын жана баалуулуктардын сактоочусу болуп калды. Акчаны банкка сактоого бергенде банк сертификат берген. Ал сертификатта банкирде адамдын канча акчасы бар экендиги жана ошол сертификатты көрсөткөндө гана акчаны банктан алуу мүмкүн эле. Бул ыкма тыйындар менен эмес ошол сертификаттар менен төлөө мүмкүндүгүн жаратып, сертификаттар реалдуу акчага тең болгон. Кагаз акчаларынын пайда болуу тарыхы ушундай. Ал эми банкнота деген сөз англисче bank note деген сөзүнөн келип чыгып, банк жазуусу деп которулат. Эгер мурда кагаз акчасынын экономикалык негизи чыныгы тыйын акча берүү милдетин алса, азыр банкноттор акча болуп саналат.

Борбордук мамлекеттик банктардын пайда болушу

Биринчи мындай банк 1661-жылы Швецияда пайда болгон. Борбордук мамлекеттик банктардын негизги иши өлкөдөгү банк операцияларынын көзөмөлү жана улуттук валютанын абалына жооп берүү, анын ичинде акча чыгаруу боюнча дагы. Башка өлкөлөр Швециядай банк иштерин жүргүзүүгө шашкан эмес. Мисалы, Франциянын борбордук банкы 140-жыл өткөндөн кийин гана пайда болот, ал эми Россия Империясында банк 1860-жылы гана пайда болгон. АКШда болсо Федералдык Резерв Системасы 1913-жылы негизделген. Ага чейин доллар банкноталары ар башка банкттар менен чыгарылып, дизайны жана өлчөмдөрү менен бири-биринен айырмаланып турган.

Глобалдаштыруу

1944-жылы Бреттон-Вуд эле аралык конференциясы өтүп, анда доллардын курсун алтынга байланыштыруу макулдугу кабыл алынган, бул 1971-жылга чейин созулган. Дал ушул доллар эл аралык валюта болуп, андан эле аралык соодалашуу негизделген. Ошондой эле конференциядан эл аралык банк жана эл аралык валюта фондун түзүү чечими кабыл алынган. Дал ушул Бреттон-Вуд конференциясынан заманбап глобализация процесси башат алган.

Банк карталары

1950-жылы ресторанга баруудагы төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн дүйнөдөгү биринчи Diners Club кредиттик картасы чыгарылган. Ал эми 1952-жылы Franklin National Bank америка банкы аркылуу банктык кредиттик карта чыгарылган. Биздин заманда банк карталары менен эч кимди таң калтыра албайсың. Акча тарыхы уланууда жана улана бермекчи. Эгер статистикага ишенсек, орто статистикалуу америка жараны 10дой ар кандай иштерге багытталган карточкалардын ээси.

Компьютер финансисттердин кызматында

1972-жыл финансы жаатында компьютерлерди тартуу менен белгилүү болгон. АКШда банк чектерин эсепке алуу максатында электрондук тармак түзүлөт. 1973-жылы болсо Дүйнөлүк банктар аралык финансы телекоммуникация коому негизделген (SWIFT). Бул системанын түзүүчүлөрү катары дүйнөнүн 15 өлкөнүн 239 банкы болгон. банктар аларык акча которуулар катары телетайп колдонулбай калган. 1977-жылдан тартып персоналдык компьютерлер чекене соодада пайда болгон, бул компьютерлердин экономиканын, жашоонун ар кайсы секторлоруна кирип, жаңы акча формаларынын пайда болуусуна, интернеттин чыгуусуна өбөлгө болгон. Учурда электрондук акчалар пайда болуп жашоонун ар кайсы тармактарында активдүү колдонулуп келүүдө, "акча деген эмне" макалабызды болушунча маалыматтык, пайдалуу кылып жазууга аракет кылдык. акча жонундо маалымат, акча качан пайда болгон, кандайча пайда болгон макалага камтыганга аракет кылдык. Кошумча, алымча пикирлериңиз болсо ылдыйкы формага оюнарды калтырып койгула. Кыргызчалап дайындаган Аскарбекова В.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 39868, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу