Акча

Мындан бир нече миң жыл мурда адамдар акча деген эмне экендигин билишкен эмес. Алар бири-бири менен ар кандай нерселерди жөн эле алмашып келишкен. Карапачылар карапасы менен кумурасын; темир усталар жебенин учун, бычагы менен балтасын; дыйкандар эгинин, суу майын, шарабын; малчылар өгүз, кой, жүн менен терисин; жеңген аскерлер колго түшкөн туткундарын айырбашташкан. Бирок алмашуунун өзү абдан татаал. Анткени буюмдар менен продуктулардын наркы ар башка. Ал тигил же бул буюмду, продуктуну даярдоого канча эмгек жумшалгандыгына, кандай кыйынчылыктардын болгондугуна, кээде аларды табууда кандай коркунучтардын кезиккендигине жараша болот. Мисалы, бир койго эки балта же бир шым, же төрт кумура алууга болот дейли.

Ал эми кабыландын тиштери менен тырмагынан жасалган мончокко бир кайык же эки өгүз тең келген учурлар да болгон. Анын үстүнө ушундай жол менен алмашууну каалаган адамды таап көр! Ошондуктан адамдар алмашууну жеңилдетүү үчүн кандай нерсе ылайыктуу боло турганын ойлой башташкан. Ал үчүн көп нерселерди: малды да, азык-түлүктү да, аң терилерин да, кездемени да пайдаланып көрүшкөн. Бирок булар да өтө ыңгайсыз болгон. Кой менен өгүздү күтүп жана багуу керек. Азык-түлүктү узакка сактоодон бузулуп кеткен. Аң терилерин күбө жеп, кездемелер колдон-колго өткөндө сүзүлүп кеткен... Адамдар акча гана туруктуу экенин акырындык менен түшүнүшкөн. Аны сактаганда же колдон-колго өткөндө бузулбастыгын байкашкан.

Акча алып жүргөнгө жеңил, ал тургай анын аз гана бөлүгү өгүздүн, үйдүн, кеменин, жердин наркына туура келүүгө тийиш. Акча майда бөлүктөргө оңой-олтоң бөлүнүшү зарыл, анткени элдин баары эле өгүз же кеме сатып алышпайт да. Адатта адам күндөлүк тиричиликке керектүү: нан, байпак, флэшка, көйнөк жана башка буюмдарды сатып алат эмеспи. Бирок дагы бир жаңы талап - акча канчалык майдаланса да жалпы наркы кемибеши керек. Мисалы, кундуздун же түлкүнүн терисин майдалап үзгүлөп таштаса, үзүндүлөрдүн баасы эмнеге татыйт? Эч нерсеге арзыбайт! Мына ушул талаптарга анча-мынча болсо да жооп берген алгачкы акчалардын бири түштүк деңиздеринен кармалып алынуучу үлүлдөрдүн кабырчыгы болгон.

Аларды көзөп, мончоктой кылып жипке тизип алышкан. Бирок бул акчанын баасы өтө эле арзан болгондуктан бир өгүзгө миң үлүлдү санап берүүгө туура келген. Металлдан жасалган акча гана ыңгайлуу болгон. Ар түрдүү нарктагы: жезден арзаныраак, күмүштөн кымбатыраак, алтындан эң кымбат тыйындарды жасоого мүмкүнчүлүк болгон. Металл акчадан да олуттуу кемчилик табылган, анткени ал оор келип, көп орун ээлечү. Алыскы өлкөлөргө соода-сатык жүргүзгөн бай көпөстөргө мындай жүктү алып жүрүү коркунучтуу да, ыңгайсыз да болгон. Анткени аны кайсы жерге катсаң да каракчылар менен талоончулар дароо таап алышат.

Ошондуктан адамдар мындай абалдан чыгуунун жолун издеп табышып, алтынды банкка сактоого өткөрүшкөн. Жолго чыкканда алтындын ордуна жүрүүчү тил катты жаздырып алышкан. Мына ошентип биринчи жолу кагаз пайда болгон. Ал акчага банкта сакталып турган алтындын наркы жазылган, азыркы тил менен айтканда чек деп койсок да болот. Адамдын эмгеги сарп кылынган бардык буюмдарга, азык-түлүктөргө жана тейлөө иштерине акча төлөнөт. Ошондуктан акча анын белгилүү бир бөлүгү дайыма башка ар кандай товарга тең келген баасы теңдештирилип, ага алмашууга мүмкүндүгү бар өзгөчө товар болуп эсептелет. Ар кандай буюмдардын алмашуу бирдиги - акчанын кантип өнүккөнүн ушул сүрөттөр баяндап турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)