Акас мерген

Акас мерген — уламыш боюнча атактуу тулпарлар Аккула, Ачбуудан, Мааникерди тууган Кула бээнин ээси. Жоокерчилик заманда калмактар кыргызга кол салып, аларды туш тарапка таратканда 10 түтүн кыргыз бөлүнүп, тоо арасында калып калат. Ушундай кыйынчылык учурда элден А. м. деген чыгып, кийик атып элди багып турат. А. м-дин Кула бээси болот. Күндөрдүн биринде ал мерген бээсин тоо арасындагы көлдүн боюна аркандап коюп, өзү кийикке чыгып кетет. Кула бээнин бооз экендиги жазга жакын билинет. Тоо арасында бөлүнүп калган бул элде бирин-серин гана жылкы болгон. Айгыр жок туруп эле Кула бээнин Кула кулун тууп коюшу, элди кубандырат, бир чети таң калтырат. Айылдагы акылман аксакалдар Кула бээ кайыптан тууду деп айтышат. Кула бээнин кулуну чоңоюп, тай болот. Кийинки жазда да Кула бээ куйругу агыш Сур кулун тууйт. А. м. аксакалдарды чакыртып: Манас Алтайдан келип, калмак, кытайларды чаап кыргыз жеринен кууп чыгыптыр, ашуу, жолдор ачык экен Кула тайды Ат-Башынын базарына алып барып сатайын деп кеңешет. А. м. жолдоштору менен Арпаны ашып, Ат-Башынын базарына барышат. Жылкы сатуучулар, кардарлар, соодагерлер чыгыш менен батыштан келишип, базар абдан чоң болуп, аргымактар өзүнчө, чобур аттар өзүнчө, кунан тайлар өзүнчө сатылат экен. А. м. жолдоштору менен аргымактар сатылуучу жайдын четине Кула тайды кармап туруп калышат. Алардын жанына кароолчу келип: бул жерге силер турууга болбойт, бул жерде аргымактар сатылат, тигиндей чобур аттар сатылуучу жерге баргыла деп корсулдайт. Ошентип, булар акыйлашып турганда базар башчы келип, Кула тайды айланып чыгып, жигиттер бул тайга окшошуп турат дейт. Анан алардын айланасына соодагерлер, кардарлар, сынчылар топтоло баштайт. Кула тайды бир соодагер он беш бээ, отуз атка сатып алып кетет. А. м. жылкыларды айлына алып келип, ар бир түтүнгө эки ат, бир бээден бөлүп берет. Кула тайды сатып алган соодагер Олуя-Ата, Түркстанды карай жол тартат. Бул маалда Манас баатыр Таласка көчүп келип, зериккенде ордо атып, чоролору менен ууга чыгып, таң-тамаша өткөрүп жүрүп, өтүп бара жаткан соодагерге жолугуп, анын жылкыларынын арасындагы Кула тайды жактырып калат. Сынчы, далычы, төлгөчүлөрүн чакыртып тайды сынатат: Оң кулактын түбүндө Ак белгиси бар экен, Ал кайыптан калганы Аныктаган белги экен. Атасын абдан карасам, Суу түбүндө жаралган, Кула бээ жалын тараган, Суудан чыгып атасы Кула тай андан жаралган (Кол жазмалар фондусу, 291-инв., 110-б.). Сизге ылайык ат болот деп бүтүм чыгарышат. Манас баатыр кула тайды соодагерден отуз бээ, отуз кулун, отуз субайга сатып алып, атын «Аккула» коёт. А. м-дин Кула бээси кийинки жылы да керкашка кулун тууйт. Бул маалда тай болуп калган агыш куйрук сур тайды Ат-Башынын базарына алып барып сатайын деп кеңеш курат. Ат-Башынын базарында: Арткы аягы майышчаак Алыска арбын жарабас, Жакыныраак чапканда Кула тайдан калышпас (Кол жазмалар фондусу, 291-инв., 120-б.). Ач куйрук тайды (сур тай) кулундуу он беш бээ, он беш атка бир соодагер сатып алып, чыгышка «Кайнаган калмак жерине, Жолой алптын элине» жол тартат. Базардан соодагер жетелеп турган ач куйрукту Жолой сатып алып, атын «Ачбуудан» деп коёт. А. м-дин Кула бээси дагы кулун тууганда кер маңдай тайын Ат-Башы базарына алып келип, кулунду жыйырма бээ жана отуз ат, тайга сатат. Кер маңдайды сатып алган соодагер Өзгөндү көздөй жол тартат. Соодагер Анжыян, Маргалаң, Коконду аралап Ташкенди көздөй бараткан маалда Ташкен каны Көкөтөй жигиттерин ээрчитип, аң уулап жүргөн болот. Ал соодагер айдап келаткан көп жылкынын арасында бир аргымак бар экенин угуп, аргымак эмес эле тай экен, тай болсо да өзү сынап жактырып, жалгыз уулу Бокмурунга арнап сатып алат. Маңдайы ачык кең экен Маанилүү жагы бар экен, Мен атасам Мааникер Ашкан күлүк бул экен (КФ. 291-инв., 134-б.),— деп атын «Мааникер» коёт. А. м-дин эли көбөйүп, жыйырма түтүнгө жетет. Алар Кула бээнин кулундарын сатып отуруп оокаттары жакшырып калат. Эч бир айгыр карабаса деле Кула бээ кулун тууп жатканына таң калган А. м. бээси акыркы жолу көк кулун тууганда аны жетелеп барып, көлдүн жээгине аркандап, өзү көмүскө жерде аңдып жатып алат. Бир маалда көлдөн көпкөк айгыр чыгып келип Кула бээни жыттагылап калат. Жашынып жаткан А. м-ди көрүп калган көк айгыр көк кулунду жалдан тиштеп, көлгө сүйрөп кирип кетет. Кула бээ тегеренип-тегеренип, кан сийип жиберет. А. м. Кула бээни айылына жетелеп келет, мал болбосун көргөн эл аны союп алышат. Ошондон кийин А. м. ооруп дүйнөдөн кайтат. Көк айгыр көк кулунду сүйрөп кирип кеткен көлдү эл «Кулун», ал эми жанындагы жайлоону «Акас жайлоосу» деп атап койгон экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)