Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Академик Адышев кырка тоосу

Академик Адышев кырка тоосу

Ош областынын түндүк-чыгышында, Тар жана Гүлчө сууларынын ортосунан орун алган. Терек тоосунан Төө-Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түндүк-батышка 110 кмге созулат. Эн жазы жери 50 км. Орт. бийикт. 3260 м, эӊ бийик жери 4785 м (Академик Адышев чокусу, түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Түн.-батышка карай басаӊдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытындагы көптөгөн тектон жаракалар менен тилме: ленген. Ири тармактары: Кызыл-Агын, Жыланач-Таш, Көк-Булак, Кара-Сорон, Алдаяр ж. б. Капталдарында тереӊ суу өрөөндөрү көп. Кар, муз каптаган шиш чокулуу түштүк-чыгышына бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто жана түндүк-ба - тышында денудация-эрозиялык, тоо этек - терине түрмөктөлгөн жантайыӊкы аккумуляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоонун издери түштүк-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түштүк-чыгышындагы бийик бөлүгү — девондун, силурдун сланец, кумдук, конгломерат, орто бөлүгү — бор, юра, палеогендин филлит, сериӊиттүү сланец, кумдук, жапызыраак тундүк-батышы палеогендин, антропогендин кум, чопо конгломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокуларда асылма мөӊгүлөр кездешет. Кырка тоого жапыз тоолуу талаа, орто бийик тоолуу шалбаалуу талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоолуу альп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат. Кырка тоо көрүнүктүү илимпоз геолог М. М. Адышевдин ысымынан аталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)