Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Академиялык кайыкта сүзүү

Академиялык кайыкта сүзүү - кайык спортунун бир түрү, спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн - скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдонулат. Академиялык кайык эки калак менен айдалуучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айдалуучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайыктардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кандай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары менен жабдылат. Академиялык кайыкта сүзүү спорту 19-кылымдын 1-жарымында Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892-жылы уюшулган. 1900-жылы олимпиадалык оюндардын, 1962-жылы дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргнда академиялык кайыкта сүзүү боюнча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)