Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

ак тилек

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | ак тилек

Созу:А. Омуркановдуку

Обону: Т. Эшпаевдики.

Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын,

Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын.

Ушул жылы баласыздар бала коруп,

Базар болуп уйлору бакылдашсын.

Ар кимдин кылган иши алга жылсын,

Ата-энесин сыйлабасты каргыш урсун.

Каржандаган карылык эшик какпай,

Кылымдардай жай жылып тура турсун.

Ар кимдин ойлогону ишке ашсын,

Ар-ар ким турмушунан бакыт тапсын.

Онтогон оорулуулар ушул жылы,

Айыгышып арабызга аралашсын.

Ылайым гулдор чыгып, чоптор жайнап,

Ырыстын ырын ырдап турса деймин.

Жаштын жары жаркылдаган ак болсун,

Алсыздар алдуу болуп, кучко толсун.

Быйылкы тоо гулунун балына окшоп,

Кыргыз элинин жашоосу таттуу болсун.

Дуйно элинин жашоосу таттуу болсун.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1209, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу