Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ак-Суу (жарташ) минералдуу суусу

Ак-Суу (жарташ) минералдуу суусу дарыланалууга жана ичүүгө жарамдуу суу булактары. Чүй облусунун Жайыл районунда, Жарташ суусунун куйган жеринен 7 км жогору, Бишкек шаарынан 100 км түштүк-батышта жайгашкан. 1960-ж. геол. изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгилинде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7 - 14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5–5,9) келип, курамы гидрокарбонаттуу жана кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору-натрий жана магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8–1,5 г/л. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)