Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ак-Суу өрөөнү

АКСУУ ӨРӨӨНү - Тескей Ала-Тоонунтүндүк капталында. Аксуунун эки айрыгы — Алмалы (оң) жана Алтынарашан (сол)өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичкежергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору(Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. УЗ. 60 км, туурасы 0,02–2,5 км, орт. бийикт. 2000–3900 м, капталдары тик (30–40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-таш) 60–70°, таманы кууш (20–50 м). Алмалынынбашжагы (3500–4100 м) мөңгүлүү, зоолуу келип, тепши сымал, ортоңку бөлүгү (2400–3500 м) кенен, малга жайлуу, төмөн жагы (2100–2400 м) кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтынарашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөңгүлүү, мореналуу, ортоңку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын на-тыйжасында пайда болгон, ал гранит, кумдук жанаа акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 13–14° С, январдыкы 7...—9° С. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Мөңгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтынарашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Cуу, Кашка-Cуу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөң жана шалбаа топурактары басымдуу. Алтынарашандын төмөнкү жана ортоңку бөлүгү калың карагайлуу. Алмалыда карагай Ортоктунүстүнөн жогору карай 30–35 кмге созулат. Тескейи карагай черлүү, бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, итмурун өсөт. Арча, табылгы жана бадал Алмалынын эки бетин тең ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30–35 м, жоондугу 08– 1,5 мге жетет. Мындай чоң карагайлар Кыргызстандынбашка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз жана ысык булактар бар, малга жайлуу.

"Кыргызстандын географиясы"Б.2004

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)