Ак-Суу козголоңу

Ак-Суу козголоңу - Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоң. Ак-Суу козголоңунун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди жана буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу жөнүндөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жергиликтүү оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, советтик уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоңго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоңдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дуңган жана кыргыз байлары колдогон. Козголоңчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, советтик кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Козголоң Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек шаарынын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоңду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоңду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоңчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)