Ак-Суу гранитдиорит кени – Чүй облусунун Москва районундагы Беловодский кыштагынан 38 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Ак-Суу өрөөнүндө. Кен аймагында силур мезгилинде жиреп чыккан гранит-диорит жана диорит интрузия тектери жатат. Алардын жер бетине чыгып жатышы 3 кмге созулат. Гранит-диорит менен диорит орто, чанда ири кристаллдуу түзүлүштө, өңү ачык боз, жашыл сымал боз. Табигый жаракалуу, алар боюнча 0,5–2 м3 көлөмдөгү блокторго жакшы ажырайт. Жеңил иштетилип, оңой кесилет. Физикалык-механикалык касиеттери боюнча көркөм кооз таштарга болгон талаптардын бардыгына жооп берет. Архитектура курулмаларына, имараттардын дубалын кооздоп каптоого болот.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер