Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак куу

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Ак куу
Ак куу
СөзүС. Жусуевдики
ОбонуА. Жаныбековдуку

Ак куу! Ак куу! Апакай куу, аппак куу!
Ак канаттуу, жаш канаттуу, жапжаш куу!
Табигаттын көркүн ачып жанданткан,
Таза кушсун жаркын мүнөз, жакшы аттуу.

Сени көрсөм, көл да сулуу көрүнөт,
Сени көрсөм боло калам максаттуу.
Сүргүлт инир таң көрүнөт көзүмө,
Сууну ууртасам бал көрүнөт таптаттуу.

Ак куу! Ак куу! Аппак акак канаттуу.
Асман дагы, көл да өзүнө талаптуу.
Көп учса деп, көп сүзсө деп энсешип,
Көк да өзүнө, көл да өзүнө талашчу.

Көктө учсан да, көлдө эркелеп сүзсөң да,
Көркөм кушсуң, баары сага жарашчу.
Колум таза: канатындан сылайын,
Корунбастан сүзүп келчи мага ак куу!..

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2747, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу