Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ак-Дөбө шаар калдыгы 2

Ак-Дөбө ІІ шаар калдыгы - орто кылымга (6-14-к.) таандык археологиялык эстелик. Талас шаарынын чыгыш тарабындагы Көгой айылынын түштүк чыгышында жайгашкан. Талас суусу шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 чарчы/чакырым келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда орто кылымдарда ал Текабкат деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. Кожемяко 1956-60-жылдары казып изилдеген. Сепилинин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 м, бийиктиги 9 метр Шаардын борбордук бөлүгү (түндүк тарабындагы Куланкорук деп аталган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болуп турган. Археологиялык казууда сапаттуу жасалган чопо идиштер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) менен сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда архитектуралык курулуштун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдордун көңүлүн бурган. 13-14-кылымдарда шаардын жашоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы мүрзө жайгашкандыктан археологиялык эстеликтин бузулуу коркунучу бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)