Ак чөлмөк

Бул оюн кыргыз жергесине кери таралган. Оюнду жаштар айлуу түндө ойношот. Түн ичинде узундугу бир жарым карышча келген анча жоон эмес (сөөк же таякча) алыска ыргытылган ак чөлмөк агарып көрүнүп жатууга тийиш, ошол себептен оюн ак чөлмөк деп аталган. Оюн башталар алдында калыс оюнчуларды чогултуп, аларак чөлмөктү көрсөтүп, оюндун эрежесин түшүндүрөт да, бардыгын тескери карап турууга буйрат. Мурда ак чөлмөктүн ордуна уйдун түгүнөн жасалган топту да колдонушкан. Азыр эстафетанын кыска таякчалары да колдонулат, Оюндун тартиби мындай: оюнга катышуучулар эки тарапка бөлүнүшөт. Ар бир тарапка өзүнчө "Жагалмай' "Турумтай" деген сыяктуу ат конюлат. Анан ал ташты бир тарапка, ак чөлмөктү экинчи тарапка ыргытат, анткени ак чөлмөктүн кайсы тарапка ыргытылганы оюнчуларга белгисиз болууга тийиш. Ыргытылган чөлмөк жерге түшкөндөн кийин гана калыс:

- Кана, издегиле! - деп буйрук берет.

Бардыгы жапырт жүгүрүп, ак чөлмөктү издешет. Ак чөлмөктү тапкан киши өз тарабынын атын кыйкырып айтып, мараны көздөй чуркайт. Ал эч кимге жеткизбей чөлмөктү алып качып барып, марага таштоого тийиш. Атаандаштары аны кууп жетип, чөлмөктү тартып алууга аракет кылат. Эгер куугунчулар чөлмөктү андан тартып алышса анда алар да өз тарабынын атын кыйкырып айтып, мараны көздөй чуркайт. Чөлмөктү өнөктөрү колдон-колго узатууга жана бирине-бири жардам берүүгө болот, бирок аны талашканда, чөлмөктүн өзүнөн гана кармоо керек, колдон, буттан, кийимден кармоого уруксат жок. Чөлмөктү марага таштаган тарап бир упайга ээ болот. Оюн ушул тартипте улана берег да, белгиленген мөөнөттө же эки тараптын бирөө белгилүү сандагы упайга ээ болгондо оюн аяктайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)