Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Айыпсыздык презумпциясы

Айыпсыздык презумпциясы (латынчасы praesumptio innocentiae)– кылмыш-жаза укугунда айыпталуучу (соттолуучу) анын айыбы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче ал айыпсыз деп эсептелген жобо. Айыпсыздык презумпциясы – маанилүү демократиялык принциптердин бири, инсандын укугунун корголуусун камсыз кылат, негизсиз айыптоого жана соттоого жол бербейт. Айыпсыздык презумпциясы процесстик мыйзамда белгиленген каражаттар аркылуу далилдөө жолу менен жана соттук ишке тийиштиги бар делген жана мыйзам жол берген жетиштүү далилдер болгондо гана четке кагылышы мүмкүн, ошондо да далилдөө түйшүгү (милдети) айыптоо органдарына гана жүктөлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)