Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Айыга баштоо

Айыга баштоо — оорунун белгилери бара-бара жоголуп, организмдин тиричилигинин калыбына келе башташы.

Бул мезгилдин айкын чеги жок, себеби кээ бир органдын кызматы оору күчөп турганда эле калыбына келет. Айыга баштоо тез жана жай болуп айырмаланат. Айыга баштоодо тамакка оорулуунун табити жана абалы оңоло баштайт. Бул мезгилде жалпы организмди чыңдай турган дарылоо жана медициналык кайра калыбына келтируу жүргүзүү маанилүү. Кээ бир жугуштуу ооруларда (ич келте, дизентерия) айыга баштоо мезгилинде деле оору козгогучу бөлүнүп турат. Ошондуктан, мындай ооруларга атайын эпидемияга каршы чаралар көрүлөт. Айыгуу толук жана толук эмес болуп бөлүнөт. Толук эмес айыгууда оорудан бузулган функциялар калыбына толук келбейт, организмдин ыңгайлануусу жана эмгекке жарамдуулугу азыраак болот. Толук айыкканда организмдин оорудан бузулган функциялары, эмгекке жарамдуулугу толук калыбына келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)