Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аюу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аюу

Күрөң аюу менен ак аюу көрүнүштөрү боюнча бири бирине такыр окшобогону менен алардын теги бир экендигин дароо эле айтууга болот. Уюлдун ак кар, көк музунда жашоочу ак аюунун түсү ар дайым ак. Ал эми күрөң аюу ак саргыл да, күрөң да, кара да түстө болот. Ак аюу - жер бетиндеги эң ири жырткыч жаныбар. Ал Арктикадан башка эч жерден кездешпейт. Ал өмүр бою муз үстүндө жашап, суу анын табигый тиричилиги. Сууда саатына 4-5 чакырым ылдамдык менен узакка чейин сүзүп, тюленден кем чумкубайт, суу астында эки минутадай сүзө алат. Ал тюлень, балык, канаттуулар менен тамактанат. Төлдөө убактысы жетилген кезде ургаачы ак аюу кар үңкүргө кирет. Өзүнүн салмагы 700 кг (эркеги 1000 кгга чейин болот) келген бул зор жаныбар келемиштен бир аз гана чонураак мамалактарды тууйт. Мамалактары жетилип чоңойгончо энеси үңкүрдөн чыкпайт.

Күрөң аюу Европа, Азия жана Түндүк Американы мекендейт. Алар түздүктө да, тоодо да, ошондой эле саз, көлмөлүү чытырман токойлуу жерлерде да жашайт. Күрөң аюулар анчылыкка мыкты айбандар, бирок алар тамакты ылгабайт, көп учурда токойдогу бак дарактардын жемиш-мөмөлөрү, чөп тамырлары менен тамактанышат, коңуздар менен личинкаларды терип жеп, бака жана балык кармап жейт. Аюу балды өтө жакшы көрөт: даамын бир татып алса аарынын чакканына да карабай, аары уюгунан бал жейт. Күзүндө күрөң аюу чээнге кирүүнүн камын көрөт. Ал абдан зор жаныбар болгондуктан кышында анын тамак таап жешине, калың кардын түшүшү да кыйындатат. Эгер күзгө чейин семирип, жеткиликтүү май топтобосо чээнге кирбейт - кыш бою жаалдуу жана ачка жүрүп кышты өткөрөт. Мындайлар өтө коркунучтуу. Аюунун уйкусу сергек, уктап жатканда дене температурасы төмөндөбөйт.

Эне аюу чээнге өткөн жылдык мамалактары менен бирге кирет. Алар энесине жаш мамалактарын багууга жардамдашат, ошондуктан өткөн жылкы мамалактарды орус эли пестун (тарбиячы) деп бекеринен аташпайт. Мамалактар эки жылга чейин энеси менен бирге болушат. Аюу чилденин учурунда (январь-февралда) адатта экиден мамалак тууйт. Энеси аларды жазга чейин багып эмизиши керек.

Эгер мамалактар жарым килограммдай салмакта туулбаганда аларды багуу эне аюуга бир кыйла кыйынчылык туудурмак. Алар жазга чейин өтө жай чоңоёт: чээнден чыкканда араң эле кандек иттин чоңдугундай болот. Ал эми жаздан баштап алар тез чоңоё баштайт, кээде өтө зор болуп өсүп, узуну эки жарым метрге, салмагы 750 кгга жеткен учурлар да болот. Күрөң аюу 50 жылга чейин жашайт. Жазында аюунун арааны ач карышкырдыкындай эле ачылат. Кышында аюу таманын сорот деген кеп бар. Ал дегеле таманын сорбойт! Тек гана кыш ортосунда таман териси түлөп, дүүлүгүп кычышат, ошондуктан ал уйку-соонун ортосунда жатып түлөгөн таманын жалайт.

Күрөң аюунун изин кээде адамдын изи экен деп да ойлоого болот. Анын майпаңдап басканына карата аюуну маймак таман деп коюшат. Анткен менен аюу шамдагай келет, кээде атты да кууп жете алат. Күрөң аюу колго тез үйрөнөт. Илгертен эле цыгандар үйрөтүлгөн аюу менен жер кезип, кызыктуу оюндарды көрсөтүшкөн. Ал эми цирк аюулары велосипед жана мотоцикл тебүүгө да үйрөтүлөт. Ак аюу болсо оңой менен үйрөнбөйт. Көптөгөн тажрыйбалуу машыктыргычтар ак аюуну өтө коркунучтуу айбан деп эсептешет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 12236, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу