Айтмырзаева Асылкан

Айтмырзаева Асылкан 1950-жылы 12-мартта Аксы районунун Кошдөбө айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

1966-жылы Ош облусунун Аксы районундагы Максим Горький атындагы орто мектепти«эң жакшы» деген баалар менен бүтүргөн.

1968-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайын аяктап, № 3 эмканада алгачкы эмгек чыйырын медициналык кызматкер болуп иштей баштаган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

1980-жылга чейин Жалалабат шаарындагы балдар ооруканасында участкалык дарыгер болуп эмгектенген. Андан соң, № 2 эмкананын башчысы.

1987-жылдан облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштеген.

Облустук ооруканалар 1999-жылы кошулганда бул кызмат кыскартылып, Айтмырзаева Асылкан оорукананын өспүрүмдөр соматикалык бөлүмүнүн башчылык кызматына которулду.

Айтмырзаева Асылкан 1980-жылдан 1999-жылга чейин бир эле учурда интернатурага келген дарыгерлердин педиатрия адистиги боюнча жетекчиси милдетин да аткарып келди. Жалал-Абад шаардык жана облустук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталары бар.

1997-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» белгиси менен сыйланган. Жогорку категориядагы дарыгер-педиатр. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген балдар хирургу».

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)