Айтматов Чыңгыз Төрөкулович (1928-2008)

Дүйнө жүзүнө миллиондогон нускада тараган "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Чыпалак бала", "Кылым карыткан бир күн", "Акыр заман" чыгармаларды жараткан жазуучунун ким экендигин билесиңерби? Албетте, бул адамды тааныбаган адам жок болуш керек, анткени бул адам кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Келечек муун үчүн анын өмүрү, басып өткөн чыгармачылык жолу эң сонун үлгү. Төрөкулдун уулу Чыңгыз 1928-жылы 12-декабрда Таластагы Шекер айлында туулган. Жазуучунун чоң атасы Айтмат өмүр бою чарык тартынган кедей болгондуктан өз аты унутулуп, Кончужок атыгып кеткен. Буларды болочок жазуучу чоң энеси Айымкандан, эжеси Карагыздан уккан.

Айрыкча чоң энеси эл жомокторун, эски ырларды, уламыштарды эң көп билген. Небереси Чыңгызды дайыма ээрчитип жүрүп, элдик каада-салт, өнөр нускалуу башка сөздөр менен тааныштырган, анын тунук сезимин элдин бай мурастарына сугарган. Ал киши - Чыңгызды эне тилин сүйүүгө үйрөткөн биринчи адам. Эне тилдин кудуреттүү күчү менен сыйкырдуу сырын айтып бүтө албайсың. Ымыркай кезиңден, тилиң жаңыдан чыга баштагандан тартып, дүйнөнү так ошол эне тилиң аркылуу таанып-билесиң... Бала чак - дүйнө капар бейпилчиликтин мезгили гана эмес, бала чак - келечектеги адамдын адам, инсан катары калыптанышынын уютку - өзөгү" деп жазган. Чоң атасы Айтмат колунан көөрү төгүлгөн уста болгон.

Тегирмен куруп, шаардан кийим тигүүчү машина алып келип бычмачы, тигүүчүлүк кылган, калай чайкап, ээр чапкан, данакерчиликти билген, комузду мыкты черткен, арабча окуп, жаза билген. Бирок ушунчалык жөндөмдүү адам өмүр бою кедейчиликтен кутула алган эмес. Ошентсе да ал уулу Төрөкулду орусча окуткан. Кийин баласы кыргыздардын ичинен чыккан билимдүү адамдардан болуп партиялык-советтик жетекчи кызматтарда иштейт, саясат менен адабиятка кызыккан адам болот. Чыңгыздын энеси Нагима өз учурундагы билимдүү, маданияттуу аялдардын бири болгон. Мына ушул жагдайлар болочок жазуучунун орус маданияты, тили, адабияты, баарынан мурда балдар адабияты менен өтө эрте таанышуусуна шарт түзгөн.

Уккан ырлары, жомоктору, айтуучулар менен акындарга жолугушуусу жазуучунун балалык кездеги адабий дүйнөсүн байытып, жүрөгүндө улуттук сыймыктын алгачкы башатын ачып, сезимин ойготуп, эне тилдин миң кырдуу жана миң сырдуу керемет сулуулугу менен таанышкан. Аңгыча болбой чоң энеси каза болот. Мектепке кирип окуй баштайт. Эки жылдан кийин 1937-жылы атасы Төрөкул жалган жалаага кириптер болот. Үй-бүлөсү айылына көчүп келет. Ушул жерден алар турмуштун далай татаал кыйынчылыктарын баштан өткөрөт. Төрт баланы энеси менен бирге атасынын бир тууганы Карагыз баш калкалатып багышат. Чыңгыз кайра окуусун улантат, ангыча болбой согуш башталат да, окуусун таштоого аргасы калбай калат.

Он төрт жашар Чыңгызды Шекер айлындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасынан эң сабаттуусу катары айыл кеңешинин катчылыгына дайындашат. Андан соң райфодо салык жыйноочу, айылда трактор бригадасына эсепчи болуп иштейт. Согуш жылдары турмуштан көргөн-билгендеринин бардыгын кийинчерээк "Бетме-бет", "Саманчынын жолу", "Эрте келген турналар", "Жамийла", кээ бирлерин "Делбирим" аттуу повесттеринде жазган. Жамбылдагы зооветтехникумду жана Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Адабиятты бала кезинен сүйүп, мектепте окуп жүргөндө эркин темада дил баян жазганды жакшы көргөн. Институтта окуп жүргөндө адабиятка, айрыкча макала, очерктерди жаза баштайт.

Орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которот. Кийин зоотехник болуп иштеген мезгилде аңгеме жазып, Москвада жогорку адабият курсунда окуп, теориялык терең билим алып чыккандан кийин ал адабий чыгармачылык ишине биротоло өтөт. Анын чыгармалары Лениндик сыйлыкка, СССР жана Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болот. Кыргыз эл жазуучусу, академик, Социалисттик Эмгектин жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматов орден, медалдар, ошондой эле чет өлкөлөрдүн ардак наамдары жана башка көптөгөн сыйлыктары менен сыйланган. 2008-жылдын 10-уюнунда катуу оорудан кийин бул дүйнө менен кош айткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)