Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айсберг

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Айсберг

Нидерланддардын айсберг деген сөзү деңизде сүзүп жүрүүчү муз тоо дегенди түшүндүрөт. Бул чынында эле деңизге жылып түшкөн мөңгүлөрдүн сыныгы. Мөңгүнүн учу деңизге салаңдап бир топ мезгилге чейин турат. Аны суу ташкыны, шамал жеп, акырында омурулуп сынат да, күрс этип сууга кулайт. Көп бөлүгү сууга чөгөт да, сууда калкып айсберг шамал менен агымдын багытына жараша узак сапарга чыгат. Жолдо ал акырындык менен эрип, кээде аласалып да кетет. Айсбергдер анча чоң эмес - узуну 1-2 чакырым, туурасы жарым чакырым болот.

Эбегейсиз чоң - узуну бир нече ондогон чакырымга, 100метрден ашык бийиктикке жеткен айсбергдер да кездешет. Айсбергдердин мекени - Арктика жана Антарктида. Океанда айсберг менен кездешүү өтө кооптуу. Анткени анын суу астындагы көрүнбөгөн бөлүгү, суу үстүндөгү бөлүгүнөн бир нече эсе чоң болот. 1912-жылы Америкадан Европага келе жаткан абдан зор, жүргүнчү ташыган, атактуу Титаник параходу туманда айсберг менен кагылышып, чөгүп кеткен. Бирок Антарктида сууларындагы айсбергдердердин орустун Юрий Долгорукий аттуу кит кармоочу кемеге пайдасы тийген учуру да болгон. Күчтүү шторм моряктарга кармалган балыкты рефрижераторго жүктөөгө жана танкерден күйүүчү май алууга мүмкүндүк бербей жаткан кезде моряктар жакын эле жердей катар турган эки айсбергди көрүшкөн.

Аларды жаалдуу толкундар айланып өтүп, экөөнүн ортосунда майда толкун гана өкүм сүрүп тургандыктан моряктар алардын ортосуна тобокелге салып киришип, ошол далдада керектүү жумуштарын бүтүрүшкөн. Бул - айсбергдердин моряктарга жардамы тийген бирден-бир гана учуру болсо керек. Бирок окумуштуулар келечекте айсбергдер адамга ар дайым пайда келтирет деп болжолдошот. Чындыгында биздин планетада таза тузсуз сууга болгон муктаждык барган сайын артууда. Айсбергдер дал ушундай суунун булагы болуп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2184, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу