Аймактык деңиз (аймактык суулар)

Аймактык деңиз (аймактык суулар) – жээкти бойлой, ошондой эле ички суулардын чектеринен сырткары (архипелаг мамлекетте – архипелаг сууларынын тышкары) жайгашкан деңиз алкагы. Белгилүү кеңдиктеги бул деңиз алкагына жээктеги мамлекеттин эгемендиги жайылтылат. А. д-дин сырткы чеги жээктеги мамлекеттин деңиз чегарасы болуп саналат. Азыркы убакта деңиз мамлекеттеринин (130) көпчүлүгү А. д-дин 12 деңиз чакырымына чейинки кеңдиктерине ээ. Ошентсе да, 20га жакын мамлекет эларалык укукта белгиленген чектен ашуун кеңдиктерге ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)