Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

айланган тоонун бүркүтү

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | айланган тоонун бүркүтү

Созу Токтогулдуку

Обону Ж. Шералиевдики

Айланган тоонун буркуту,

Ак жерден торго чалындым.

Комузду кууго келтирген

Колума кишен салындым.

Булбул элем наалыдым,

Буудан элем арыдым.

Байлоодо журуп откордум,

Мырзалык жаштын жарымын.

Кулук элем арыдым,

Кукук элем наалыдым.

Кор болбой турган кайран баш,

Кордукта журуп карыдым.

Кыйналгандан олсом дейм,

Кыйбатын кыйбайм жанымдын.

Зарлантып койгон мынчалык,

Заманага таарындым.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1866, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо