Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айлана-чөйрөгө карата алгачкы аракеттердин өнүгүүсү

Кыймылдын жазы түрлөрүнө ээ болуп жана алардын өркүндөшү менен бөбөктө заттардын касиетине карата айлана-чөйрөдө аракеттерди аткаруунун жолу калыптана баштайт. Бөбөктүн аракетинде көзүл буруунун, кабыл алуунун, ой жана эс процесстерин айрым татаал жактарын бөлүп кароо мүмкүн эмес. Бөбөктүн жүрүм-турумун баяндаганда чоз кишилер «бөбөк тааныды», «бөбөк түшүнөт», «бөбөк билди» - деген сөздөрдү айтышат. Бөбөккө карата айтылган мындай сөздөр чоздорго таандык психологиялык мүмкүнчүлүктөрдү мүнөздөйт.



Ал заттарды караганда же оюнчукту колуна алып кармаласа биз бөбөктү көрдү, ойноду деп эсептейбиз. Мындай түшүнүк туура эмес, анткени ымыркай заттарды жана алардын касиеттерин кабыл алууга даяр эмес. Негизинен ымыркай кыймылдарды жана аракеттерди гана өздөштүрөт. Беш-алты айында мейкиндиктеги заттарга карата аракеттердин жазы түрү байкалат. Ымыркайда көрүү жана угуу аппараттарынын ишине байланыштуу көрүү жана угуунун топтолушу пайда болот.



Психологиялык байкоолордо белгиленгендей бөбөк эмгектеп, заттарды кармалап көргөнгө чейин үч-төрт айында көрүү жана угуу өнүгүп өркүндөйт. Бөбөк ар кандай ылдамдыктагы, белгилүү аралыктагы кыймылдуу заттарга көз салып карайт. Сырткы себептердин таасиринен тышкары бир заттан, экинчи затка карата көз жүгүртүү – көздүн кыймылынын активдүүлүгү пайда болот. Көрүү жана угуу узакка топтолот(15-20 минутка чейин). Бөбөк үн чыккан жакка башын буруп, көзү менен аны издейт.



Көрүү жана угуу өз ара бирдиктүү өтөт. Бөбөк көрүү жана угуу менен чектелбестен, андан канаттанууга ээ болот. Кыймылдуу кооз заттарга көз салат, тыбышты; күүнү, адамдардын үнүн тызшайт. Мындай өзгөчөлүктөр жөнөкөй байкоолордон көрүнөт.



Бирок мындай аракет бөбөк эмнени көрдү, ал кандай из калтырды деген суроого жооп бере албагандыктан эксперимент өткөрүлгөн. Үч айлык бөбөктөр менен өткөрүлгөн эксперименттер формасы чоз фигуралардын түсүн аларды жакшы ажыраткандыгын көрсөткөн. Ар кандай түстөр ымыркайды ар кандай дезгээлде өзүнө тартат, айрыкча ачык, кооз түстөр таасирдүү.



Бул куракта бөбөк жазы түскө сезимтал, эгерде көп ирет көргөн заттардын жанына формасы, түсү боюнча айырмаланган жазы затты жайгаштырса, ал ошол затка узакка көз салат. Бөбөктүн көрүү дүйнөсү заттарга карата бир учурда көбүрөөк, экинчи учурда азыраак өзүнө тартып айырмаланып, алмашып турган көзүлдөгү издерден түзүлөт. Бөбөктө ар кандай кыймылдын жана аракеттердин түрлөрүнүн түзүлүшүндө жазы милдеттер пайда болот, бул жүрүм-турумду жөнгө салып багыттоодо, мейкиндикте заттарды кармоо, кармалап көрүүдө көздүн кыймылынын ишине байланыштуу. Бирок бөбөктүн көрүү аппараты буга толук даяр болбогондуктан, ал бөбөктө аракеттерди пайда кылып, кызыктуу заттарды өзүнө тартып, же өзү заттарга жакындоого түрткү болот. Заттарга эмгектеп жетип, аны кармалап, таякчага шакекчени илип аракеттенүүдө чоздор заттардын көлөмүн, формасын, аралыкты ж. б. нерсени «эске алып» бөбөктүн өнүгүүсүнө шарт түзөт.



Бөбөккө заттар ар кандайча таасир этет, бирок мунун бөбөк үчүн маанилүүлүгүн аныктоонун зарылдыгы белгиленет. Бөбөктүн кыймылы жана аракети мейкиндикте жайгашкан заттарга дайыма ылайыкташып көнүгө баштайт. Бөбөктүн айлана-чөйрөгө карата көнүгүүсү сырткы кыймыл жана аракеттердин натыйжасында пайда болуп, психикалык процесстердин өнүгүүсүнүн негизи катары кызмат кылат. Бөбөктүн мейкиндикте өзүн кызыктырган заттар менен болгон аракетинен, анын колунун кыймылынын өркүндөшүн көрүүгө болот. Бөбөктө кармалоонун алгачкы өнүгүү мезгилинде зат көзгө таасир этет, бирок аралыкты жана багытын аныктай албайт.



Кийинчерээк колдун кыймылына көз жүгүртүп, анын жакындап жана алыстаганын байкайт да, өзүнүн кыймылын ага багыттайт. Мейкиндикти өздөштүрүүгө ээ болуу, көрүү аркылуу аралыкты, багытты аныктоого караганда эрте пайда болот. Колду затка жакындатуунун ырааттуулугунун пайда болушу, бөбөктүн колдун кыймылына көз жүгүртүп, заттын жайгашкан ордун ажыратууга үйрөнгөндүгүнүн күбөсү. Бир жаштын аягында башка нерсеге алаксыган бөбөк мурда көргөн оюнчукту колуна алат.



Демек, оюнчуктун мейкиндиктеги ордун көрүү аркылуу кабыл алып, колдун кыймылы багытталат. Заттардын ар түрдүү касиеттери – алардын көлөмү, формасы, салмагы ж. б. жактары менен бөбөк кармоо жана кармалап көрүү процессинде таанышат. Бөбөк затка умтулуп аны кармалаганда колунун манжаларынын ишинин өзгөрүшү заттын формасына жана көлөмүнө карата аракетин багытталышынын көрсөткүчү. Манжалар акырындык менен заттын формасына жана көлөмүнө, анын өзгөчөлүгүнө ылайыкташат.



Топту кармаганда манжаларын жазат, башка заттардын формасына карата колдун манжаларынын кыймылы өзгөрөт. Заттардын өзгөчөлүгүнө карата колдун кыймылы өзгөрүп, ылайыкташат б. а. зат бөбөктүн колунун кыймылын, заттын өзгөчөлүгүн эске алууга «үйрөтөт». Көз өз кезегинде колдун кыймылын жөнгө салат.



Он бир айында мындай үйрөтүүнүн натыйжасында бөбөк өзүн кызыктырган затты алыш үчүн манжаларынын кыймылын заттын касиетине ылайыктайт. Практикалык аракетти багыттоодо заттын формасын жана чоздугун көрүү аркылуу кабыл алуу пайда болот. Бөбөк заттарды кармалап көрүүнүн таасири астында алардын улам жазы касиеттерин «ача» баштайт. Мисалы, заттын жумшак, катуу болушун, шызгырашын ж. б. касиеттерин баамдайт.



Эки затты кармалап көрүү менен бөбөк анын жазы касиеттерин – бөлүктөргө бөлүнүшүн ж. б. касиеттерин байкай баштайт. Мындай касеиттерди бөбөк аракеттенүү учурунда гана билет. Сегиз-тогуз айында бөбөк жөн гана аракеттенбестен анын натыйжасына кызыгат.



Бөбөктүн тааныш эмес заттарга болгон мамилеси өзгөрүп, жазы нерселер анын кызыгуусун пайда кылат. Ал эски оюнчукка караганда жазы оюнчукту ынтызарлануу менен кармалап көрөт. Белгилүү убакытка чейин тааныш эмес зат аракеттерди аткарууда жазы нерсе катары каралат.



Заттын касиетине карата кызыгуунун пайда болушу тааныш эмес зат менен аракеттенүүдө мурда бөбөк аны изилдегенсип, затты жылдырат, кармалайт, сыртынан сылайт, андан кийин кармап көрүүнүн үйрөнгөн формаларын заттын зарылчылыгын тактагандай болуп пайдаланат. Сегиз айлык Жаклин өзүнө көрсөткөн тааныш эмес коробканы кармайт. Эки колдоп кармайт, оодарат. Анан башын көтөрүп карайт, кыймылдатат, анан оозуна жакындатат (Ж. Пиаженин байкоосу).



Бөбөктүн он бир, он эки айында чоздор менен максаттуу мамиле түзүүгө умтулуусун канаттандырып, басууга көмөктөш болуп, сүйлөөгө даярдоо өнүгүүнүн шарты. Психологиялык адабияттарда берилген илимий түшүнүктөрдүн жана кыска убакытка жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде бөбөк жашынын ар бир айында белгиленген мамилелер психиканын өнүгүүсүнүн шарты гана болбостон, тарбия башаты болот деп эсептөөгө болот. Бир жашар бөбөктүн таанып билүүгө болгон керектөөсү түзүлө баштайт.



Бөбөктүн мындай керектөөсүн канаттандыруу максатында эне анын көзүлүн заттардын айрым касиеттерине багыттайт, карачы чымчык чик-чирик дейт, терезедеги гүлдү жыттап үйрөтөт. Бала оюнчук менен ойноп жатканда эне ага кийлигишпестен, оюнчукка жетүүгө умтулуусуна көз салуу менен бөбөктө өз алдынчалыктын түзүлүшүн пайда кылат, бөбөктөгү белгиленген аракеттер эненин мамилесинин багыттуулугуна байланыштуу жөнгө салынат. Бир жаштагы бөбөктүн өнүгүү дезгээли анын кийинки жаш курак мезгилинде тарбия ишин белгилөөгө шарт түзөт. Демек, бөбөктүн чоз кишилер менен мамилелердин системасында болушу, жашоо шарттын түзүлүшү өнүгүүнүн шарты.



Бөбөк өнүгүүсүндө бир жаштын аягында чоз кишилердин кыймылды уюштуруусунун негизинде айлана-чөйрөнүн алгачкы таасири астында кабыл алуунун, ойдун формалары пайда болуп эрте жаш куракта коомдук тажрыйбаны өздөштүрүүнүн зарыл өбөлгөсүн түзөт. Бөбөктүн психикасынын жана эмоционалдык өнүгүүсү, анын чоз адамдар менен болгон мамилесине негизделет.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 866, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо