Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Айдаркен өрөөн

Айдаркен өрөөнү, Xайдаркен өрөөнү Түштүк Теңир-Тоодо, Сох суусунун алабында, Куруксай - Кулдук-Тоо жана Катыраң-Тоонун аралыгында 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 510 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1208-3000 м. Баш жагы Алаудин жана Таркол өрөөндөрүнөн турат. Тоо капталдары жайпагыраак, байыркы мореналар, тепши сымал өрөөндөр бар, төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тектеринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чыгып жатат. Палеоген-неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундаментин жаап жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -6,4...-10°С, июлдуку 19-22°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң жана каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңузсырты, жалбыз, өлөң, арча, төөкуйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Айдаркен өрөөнү аркылуу Ош - Лейлек, Баткен - Палал жана Сох Риштан автомобиль жолдору өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)