Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айдараалы Жөргөлөк

Баш барак | Адабият | Айдараалы Жөргөлөк
1919
-жылдын күз айларында Токтогул районунан бир кат келди. Окутуп көрсөм кайнагам Сары Устадан экен. Катта иниси Байзаке дүйнөдөн кайтканы жазылыптыр. Сары Устанын каты боюнча Ырысжанга атасынын өлгөнүн угузуп, кыргыздын ырасми менен алып барып, бата кылып кайтышка туура келди. Өлгөнгө бата-дуба окуткандан кийин өзүмө туугандашып калган элди көрүп, Токтогулга кошулуп, ар кай жерде ырдап жүрөмүн. Ошол убакта Кетмен-Төбөлүк эл Кеңеш өкмөтүнө али жапырт баш ийе элек кези экен. Манаптардан кедей-дыйкандар ажырап чыга алышпай дагы эле көздөрүн карашат. Кетмен-Төбөлүктөрдү бийлеген дагы эле Керимбай деген чоң манап. Андан өтүнө алышпай, иш алигиче Керимбай менен бүтөт экен. Волревком (волостной ревизионный комитет) Аширов Муратаалы эзилген кедейдин баласы болсо да, Керимбайды эңкейте албай, кедей-дыйкандар али толук күчүнө кире албай, бир жагынан басмачылар шаштырып, бир жагынан манаптар элди бузуп, жыра тартып турушкан экен. - Калык келе койсун, деп Токтогул кишиден айтып ийиптир. Бардым. - Таласка барып бир кумардан кана ырдап келелик. Камынып келгин, деди Током. Камданып алып жүрүп кеттик. "Күркүрөө, Бакайыр деген жерге Токтогул келди" деген даңк Таласка батпай кетти. Током экөөбүз бир тойдо алым сабакташып ырдап жүрсөк, бир жерде көпчүлүк элдин жер дүңгүрөткөн күлкүсү кулактын тынчын алды. - Токо, жүрүңүз, ошо күлкүгө баралы? - Шашкалактаган жубарымбек, таластыктар күлүп атат деп чапкылап жүрөмбү? Барсаң өзүң бара бергин! деп, Током барбады. Өзүмчө бардым. Бетегелүү түзөңдө, тескейдин түбүндө, калың элдин орто ченинде, жал-куйругун кырккан күрөң бээ минген, чарчы бойлуу өңү дандырдай кызыл, тегерек көк ала сакал киши, оң жаккы бутун аттын жалына арта салып, төбөсүнө кондурган топусун кыймылдатып, комузга колун ойноктотуп черте баштады. - Бу ким деген киши? - Айдараалы Жөргөлөк деген киши ушу, дешти. - Ырчылыгы барбы? - Жок, күлдүргүч куу кипти. "Айдакеңцин Көйрөң күү" деп, Айдараалы кууланып комузун чер тип аткан кези:
"Күлдүр, күлдүр, күлдүр, күлдүр,
Анан кийин, анан кийин, анан кийин.
Оошол, оошол, оошол, оошол.
Тейриң-тейриң, мейлиң-мейлиң.
Минтип келем, минтип келем,
минтип келем.
Айдакеңдин Көйрөң күү,
Битибоор (Петербург), Маскөөдөн Олуята (Джамбул), Ташкенден,
Алып келген Көйрөң күү.
Алты капка жаймалап
Салып келген Көйрөң күү.
Алты төө, бир атка,
Артып келген Көйрөң күү.
Аркан менен бекитип
Тартып келген Көйрөң күү.
Ар кайсы элге ушинтип
Айтып келген Көйрөң күү,
Мына, мына, мындай
Мына, мына, мындай".
Топусун чокусуна жөрмөлөтүп, комузуна колун ойноктотуп, каткырып күлүп, элдин боорун эзип коюп, өзү кайра томсоро калат. Бул өнөрүнө маашыр болуп, менин да боорум катты. - Эми Айдакең ырдап койсун а-аа, деп ырдаганы:
Коён жылы кышында,
Жутап калдык ошондо.
Малдьш көбү түгөндү,
Капка салдык от таппай,
Ээр токум, жүгөндү.
Он жылкылуу оюлду.
Муздап калып кышында,
Жаздын күнү союлду.
Кайран малдын тарпына,
Карга, кузгун тоюнду.
Кырк жылкылуу кыйрады,
Кыз-келиндер какшыган,
Көнөктү көрүп ыйлады.
Коён жылы жут болуп,
Уйлар өлүп кой калды,
Оо, күрөң бука бой калды.
Сары жүрмө, карын сал,
Сасып кетет баарын сал...
Ай, хай, хай, хай...
"Ушу кишиге бир тийишип көрөйүн. Эмне сөз чыгар экен", — деп Айдараалыга карай ырдап турган ырым: Эгин эгип, нан жеген,
Жериң кайда, Айдаке?
Атадан туулуп эрке өскөн,
Элиң кайда, Айдаке?

Айдараалы:
Кой сүлөөсүн Бакайыр,
Жерибизден келебиз.
Жергелүү кытай калың сол,
Элибизден келебиз.
Сендей-сендей ырчыны,
Койгулатып отуруп,
Комуз менен жеңебиз!

Мен:
Суусамырдын сазындай,
Былкьшдаган сен кимсиң?
Жинди болгон эмедей,
Шылкылдаган сен кимсиң?
Айылчылап күнүгө,
Бир тынбаган сен кимсиң?
Атырылып ырдап көр,
Сенин акындыгың эл билсин!

Айдараалы:
Аксы менен Таласка,
Айдараалы мен атым.
Бой тирешкен ырчыга,
Болжолу жок санатым.
Жеңижокту баш кылып,
Жер жүзүндө ырчыны,
Жеңип жүргөн адатым.

Мен:
Ашта-тойдо кууланып,
Култулдаган сен кимсиң?
Анык жинди болгондой,
Жулкулдаган сен кимсиң?
Атчан жүрсөң, жөө жүрсөң,
Бир тынбаган сен кимсиң?

Айдараалы:
Менин атым сурасаң,
Айдараалы Жөргөлөк.
Ар жыйынды көргөндө,
Айтар сөзүм бир бөлөк.
Келин-кыздуу үйлөргө,
Керегенин түбүнөн,
Кирип кетем жөргөлөп.
Айдараалынын өнөрү жалаң күлкү менен аткарылат экен. Мен Айдараалынын сөзүнө жараша куушуп ырдасам болор эмес. Ал оңбогондой кууланып, оңко-чоңко болуп, мени көпчүлүк элдин күлкүсүнө капталтып коюп, тамаша чыгара бермекчи болду. "Жамгырдай төгүп, таалайдан көрүп, ырдап көрөйүн, эмне чыгар экен" деп, аттын башын чыкчыйта тартып чубуртмадан ырдадым:
Токтогул менен бир келдим,
Кетмен-Төбө жеримден.
Ашып түштүм Таласка,
Аскалуу Беш-Таш белиңден.
Азамат киши экенсиң,
Айт дедирбей теминген.
Алгылыгын таппадым,
Жана айтып өткөн кебиңден.
Безеленип ырдап көр,
Беттешким келди сага мен.
Ат үстүндө Айдаке,
Алкынасың койбойсуң.
Акбаш жору баштанып,
Талпынасың койбойсуң.
Ашка-тойго жолотпой,
Айдаймын деп ойлойсуң.
Бука моюн букчугуй,
Булкулдайсың койбойсуң,
Куру каткырык, куу күлкү,
Кубалашып ойнойсуң.
Колуңдан келсе Таластан,
Кууп ийсем деп ойлойсуң.
Ашмара-Мерки, Таласты,
Аралап ырдап тойбойсуң.
Уңгулуу сөздөн бирөө жок,
Уяттын баарын айтасың.
Ушу турган көпчүлүк,
Ырчылыкты байкасын.
Мени менен айтышсаң,
Мерт болосуң кайтасың.
Жаакташкан кишиге,
Жалынса да болбоймун.
Колунан чыктым озунуп,
Токтогул акын торгойдун.
Анык болсоң Жөргөлөк,
Аттан түшүп жөрмөлөп,
Акын болсоң Айдаке,
Ар санаттан термелеп,
Тартынабы сермештен,
Табына келген ылаачын.
Качырганда асмандан,
Кандай керет кулачын.
Куру каткырык кууланыш,
Кыргыз эл үчүн кубанчың.
Калык менен кармашар,
Айдакем, каруусу болсо чыдасын!
Тегеректеп турган эл,
Тебишкенди сынасын.
Алды менен качырып,
Айдаке, асылгансып турасың?
Акын Калык беттеди,
Айдаке, айланды кандай кыласың?
Айдараалыны беттеп, акындык менен эптеп, элди таңдандырып, айтышар жолун чектеп, ырдай турган ырымды ырдап бүтүп тура калдым. Мени көрө элек элдер жаңы ырчыга, жаңы сөзгө таңданышкан бойдон тизилишип турушту, таты сөздөн талыкшыбай угушту. Айдараалы каткырып күлүп, кайра томсоро калып, элге билгизбей жолго салды.
-Атаңдын көрү,
Мунуңар Калык эмес эле.
Кара тажаал турбайбы?
Ыры азыраак кишини,
Ушунча каптап ырдайбы?
Кушчу, саруу (род) элимден,
Көргөнүм жок мындайды,
Тамаша кылат деп турсам,
Тартынбастан чындайбы?
Ыр сенде, күлкү менде,
Тыңшап туруп, бекер угуп кубаныч элде,
Бу жыйындан чыгайын,
Аягым менен жылайын.
Элди аралап бастырып,
Эптеп оокат кылайын, -
деп, кадыр эсе каткырып күлүп, эки ууртун сорунуп эрдин чормойтуп, көпчүлүк элдерди күлдүрүп, Айдараалы жөнөп кетти...
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 4468, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо