Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Аял манасчылар

Аял манасчылар - Октябрь революциясына чейин аялдар эл алдында «Манас» айтып белгилүү болгону анчалык маалым эмес. Патриархалдык-феодалдык доордун заң-мыйзамына, адеп-ахлак, жүрүм-турум эрежелерине, аялдардын турмуштук жеке мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан объективдүү, субъективдүү себептер буга түрткү болгон. Мындан аялдардын «Манас» эпосунун пайда болушуна, өсүп-өнүгүшүнө чыгармачылык катышы болгон эмес деген бүтүм чыгарууга болбойт. Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам өнүктүрүп, зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат. Чындыгында эле Радлов жазып алган вариантта жана кийинки манасчылардын варианттарында Каныкейдин кошогу бар. М. Ауэзов бир катар ынанымдуу аргументтер менен «Манастын» түпкү өнүгүшүндө кошоктун кыйла роль ойногонун белгилеген. Чындыгында эпосто чагылдырылган тарыхый окуялар прототип болгон инсандардын өмүр баяны өздөрү күбө болгон, аларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз. Чыгармачылык мындай салттын издери эпосто бүгүн да даана сакталган. Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартып өзү күбө болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет (Саякбай Каралаевдин варианты), Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса (Сагымбай Орозбаковдун варианты), көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, «Манас» эпосунун өз фактыларынан көрүнгөндөй Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат. Улуу Манасчы Саякбай Карала уулунун эң алгачкы устаты чоң энеси Дакиш болгон. Ал киши элдик чыгармалардын, анын ичинде «Манастын» бал-шекер даамын болочок манасчы — кичинекей небересине таттырып: Беренжини жамынып, Береги, Бээжин минээр мал экен. Карыпчыны салынып, Кангай минээр мал экен. Дегениме көн бурут, Мааникерди бер бурут. Мааникерди бербесең. Тарткан этиң жебеймин. Андай-мындай дебеймин Ашыңа апаат кыламын, Айдап жүрүп кырамын,— деп Суранчы жана башкалар манасчылардан уккан «Манасынын» эсте калган ыр саптарын небересинин кулагына куя берген. Саякбай Карала уулу «Манастын» кара сөз түрүндөгү толук сюжетин чоң энеси Дакиштен уккан. Бул факт «Манастын» эл ичинде жашап, өсүп-өнүгүшүнө аялдар да ар дайым зор салым кошуп келгенин, алар эркек манасчылардай эле эл алдына чыгышпаса да, өздөрүнө ылайык чөйрөдө улуу дастанды айтып келишкенин эң сонун кабарлап турат. Октьбрь революциясынан кийин аялдардын теңдикке жетиши, алардын жалпы элдин алдында «Манас» айтып чыгууга мүмкүнчүлүк ачты. Азыр алардын ар кандай сынактарга, кароолорго, үналгы-сыналгы берүүлөрүнө катышуусу адаттагы көрүнүшкө айланды. Аялдардын ичинде Сейдене Молдоке кызы сыяктуу чыныгы манасчылык деңгээлге өсүп жеткендери да бар (к. Сейдене).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)