Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аяк

Аяк (кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан оюп кармалган. Чоң кара аяктын диаметри 20 смдей келет. Аяктын капталдары, кыры, түбү, кемери, адатта, көркөм кештелерге толот. Аны жасоодо чот керки, ийди, бычак өңдүү кырма аспаптары ирээти менен керектелет. Түштүк Кыргызстандагы чеберлер көбүнчө жемиш бактарынан аяк жасашат. Алар аяктын көлөмүнө карата адегенде жыгачын тандашат.

Жердикти сомдоп, идиштин тү7спөлүн берүүдө керки менен балта керек. Анан чара табактай муну да кырма дүкөндүн азуусуна бекитип, өз ийдиси менен кыра баштайт. Аяктык жыгач суу бойдон да, кургак бойдон да кырылат. Ал чебердин өзүлөрүнүн жекече чыгармачылыгына байланышат. Түндүк Кыргызстандагы кырмачылар жыгач идиштерин көбүнчө талдан тандашат. Талдын да өзүнчө бөтөнчөлүгү бар. Ал тарамыштай бышык келип, ийри - муйру жарылат. Аны ошол жарылган ыгы аркылуу жонуу зарыл.

Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган аяктын калыбы кийинчерээк анча өзгөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң кайра табигый жолуна түшөт. Чеберлер талдан кырылган аяктын сөлөкөтү келген чакта жеткилең кайнатып, жыгачтын сары суусу менен чайырын чыгарып алышат. Мындай аяк такыр чирибейт. Бышык болуп, урунууга ойдогудай келет. Жарылбашы үчүн жасалып бүткөн идишке каймак, май сыйпап, отко «кайсап» (жалынга тосуу) да алышкан.

Аяктын чаканы «татымал салгыч» болот. Мунун түзбөлү аякты элестетет. Бирок, анын түбү жазы жана көтөрүңкү келет. Аны азыр момпосуй, каймак, кант, май салгыч катары колдонууга болот. Туз салгыч да аяктын бир түрү. Анын түрү ичкерээк, сүйрүрөөк келет да, түбү жазы, же бир аз көтөрүңкү көрүнөт. Ага да аяктыкындай кештеси көбүнчө кырбуусунда (курбусунда) болот. Чебер кол менен зерикпей отуруп, идиштердин ичин оюп жасайт.

Мында үч-төртүн бир эле дароо сомдоп, сууга салып коет. Арадан күн өткөрүп, бир баштан алып, ичин оюп. кирет. Идиш биротоло бүткөндөн кийин кайрадан сууга салып кайнатат. Мында да жыгачтын сары суусу, чайыры чыгат. Андан кийин майга салып, «бышырып» алат. (Май сиңди жыгач кийин урунууга нап берет).

Мына ушундай жолду аркалап, ашкана буюмдарын жүзөгө ашырууда негизги курал-аспаптарга өзүлөрү жасап алган кадимки керки, аталгы, жарым айлана түрүндөгү ийги жыгачтын ичин оюшка оңтойлошкон. Же аяк (кесени) жасоо үчүн бутагы жок, көчкү тийбеген түз кайыңды кыйып алып да, суу бойдон сомдой коюп, сууга салып кырат. Ансыз кайың тез жарылып кетет. Анан күжүгө тосуп, жалынга «кайсап» (тосуп) алат да, кайра сууга коюп, өз чамындысы менен аарчып-жышып, жүзүнө чыгарат. Идиштерди ысык кезинде майлоо зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)