Ай

Ай - жерге эң жакын жайгашкан асман телосу, жердин табигый жандоочусу. Ал дайым жердин айланасында айланып турат. Айга чейинки аралык 356 миң чакырымдан 406 миң чакырымга чейин жетет, анткени ай жерди солпу - эллипс түрүндө айланат. Ай жер шарынан кыйла - диаметри - дээрлик 4 эсе, көлөмү 49 эсе кичине. Жер шарынан ар бири айдын салмагына барабар 81 шар жасоого болор эле. Жерден куралсыз эле кайсы мезгилде болбосун өзгөрүүсүз бирдей караганда ай бетинен дайым бозомук тактар байкалат. Мунун өзү ай дайыма жерге бир бети менен гана карайт дегендикти билдирет. Демек, айдагы бир сутка, башкача айтканда өз огунда айлануу мезгили, анын жердин айланасында айлануу убактысына - азыркы учурда 27,3 суткага барабар. Айдын орбитасынын бизге бир калыпта тургандай сезилгени менен, жерден жылына 4смге алыстап турат, жана бир калыптагы орбитага орточо божомол менен 50 миллиард жылдан кийин жетет.

Айдын жерден көрүнбөгөн арткы бетин космостук учуучу аппараттардын жардамы менен изилдөөгө мүмкүндүк эбак жаралган. Ай өзү жарык чыгарбайт. Бирок күндүн нуру айдын бетине чагылат да, түн ичинде жарык берет. Ай бетинен чагылган күн нурунун бир бөлүгү түндө жерди жарык кылат. Айдын күн нуру жарык кылган бети толук бойдон жерди караганда, ай бизге тегерек болуп көрүнөт. Ошондо ай толду деп эсептелет. Көбүнчө жерден айдын жарык түшкөн бетинин анча-мынча гана бөлүгү көрүнөт. Ушул учурда ай орок сыяктуу жарты жана боксо болуп көрүнөт. Ай күн менен жердин ортосуна келген учурда биз айды такыр көрө албайбыз. Мына ошондо ай жаңыруу мезгили башталат. Кээде ай жаңыруу мезгилинде ал күндү тосуп калат.

Мындай учурда күн тутулат. Кээде ай толгон кезде жер өз көлөкөсүн айга түшүргөн учуру да болот. Андай мезгилде ай тутулат. Ай - жерге окшобогон, жашоо - тиричилиги жок планета. Ай бетиндеги "деңиздер" бозомук жанар тоо тектери менен капталган терең ойдуңдарды элестетет. Айда бийик тоо кыркалары бар, бирок шакек түрүндөгү тегерек тоолор - кратерлер өзгөчө көп. Айдын айрым кратерлери планета аралык мейкиндиктен темир же таш телолордун - метеориттердин келип түшүүсүнөн пайда болгон. Анын эң, ири кратерлери жанар тоолордун аталышынан пайда болгон. Окумуштуулар айдын түпкүрүнөн атылып чыккан газдардын айрым издерин азыр да байкаган учурлары бар. Ай бетинде күндүз ысык температура 130 градуска жетет. Бирок түнкүсүн температура -170 градус суук болот.

Ай бетинде күн тийген жер менен көлөкөдөгү температура да кескин айырмаланып турат, анткени айда температуралардын айырмасын азайтып туруучу аба жок. Айда тартуу күчү жерге караганда алты эсе аздык кылат, ошондуктан космос ракетасы жерге караганда айдан бир кыйла жеңил учат. Космостук автоматтар айды дайыма изилдөөдө. Айдын арткы бетинин толук картасы түзүлгөн. Көрсө бул жандоочунун арткы бети бизге көрүнгөн бетине таптакыр окшобойт экен. Айдын арткы бети туташ тоолуу келип, бирин-серин гана "деңиздер" кездешет. Америкалык космонавттар айга барып келишти. Жердей башкарылуучу луноходдор ай жөнүндө кызыктуу көп маалыматтарды билдиришти. Автоматтар менен космонавттар айдын топурагын жерге алып келишти. Айга дайыма иштөөчү илимий станциялардын, андан соң алгачкы шаарлардын курулушу ыктымал. Космос кемелери планета аралык алыскы рейстерге жерден эмес, айдан жөнөтүлмөкчү. Ай келечекте планета аралык учуштардын станциясы болуп калуусу толук ыктымал.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)