Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ахунбаев Иса Коноевич

Баш барак | Биографиялар | Ахунбаев Иса Коноевич

Ахунбаев Иса Коноевич(1908, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы -1975, Бишкек) - хирург, медициналык илимдеринин доктору (1948), профессор (1948). СССР МИАнын корр. мүчөсү (1948), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги (1954) жана биринчи президенти (1954—61). Ташкендеги Орто Азия медициналык институтун бүткөн (1935). 1935—37-жылы Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ординатор-врачы, Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары. 1937-жылы репрессияланып, 1939-жылы акталган.

1939—41-жылы ординатор-врач, 1941-46-жылы КММИнин жалпы хирургия бөлүмүндө ассистент, 1946-жылы доцент, 1947-75-жылы КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948—52-жылы КММИнин ректору, 1952—54-жылы СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы. А. 1959-жылы Орто Азия жана Каз-нда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 1975-ж Кырг-нда жүрөк-кан тамырлар хирургиясы боюнча борбор уюшулуп, анын атындагы клиникада жана башка дарылоочу мекемелерде жүрөккө жана кан тамырларга татаал операциялар жасалат. республикадагы клиникалык ооруканада анестезиология жана реанимация; жүрөк хирургиясы (1959); кан тамырлар (1975) бөлүмдөрүн ачкан. А-дин эмгектери өпкөнүн эхинококкоз оорусун хирургиялык жол менен дарылоого, эндемиялык богок, шок жана жүрөк ооруларынын проблемаларына, ЫсьпсКөл облусундагы богок оорусу менен ооруган ооруларга байкоо жүргүзүүгө арналган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде10 монография), «Анатомия-физиологиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн» (1964) жана башкалар көптөгөн китептердин автору. негизги эмгектери: «Эндемиялык богок» (1964; авторлош), «Жүрөккө операция жасоо» (1964), «Жащ балдардын аппендицити» (1947), «Кыргызстандагы эндемиялык богоктун проблемалары» (1957), «Кыргызстандагы эхинококкоз оорусунун проблемасы» (1965), «Шок жана коллапс боюнча очерктер» (1967) жана башкалар А. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1945), Кыргыз Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970), Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери (1972), Хирургдардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын мүчөсү (1957).

Тынчтьпсгы жакгоочулардын, жаратылышты коргоочулардын жана врачтардын, хирургдардын Бүткүл дүйнөлүк конгресстеринин, форумдарынын, конференцияларынын көп жолку делегаты жана катышуучусу. Кыргызстандагы хирурщардын 1-създинин демилгечиси, уюштуруучусу, төрагасы (1961). 1946—58-жылы СССР Жогорку кеңешинин, 1959—66-жылы Кыргыз ССР жогорку кеңешинин депутаты. А. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Респ-лык хирургия клиникасы, Бишкек шаарындагы жана өзү туулган айылдагы бирден көчө жана агрофирма А-дин ысымынан аталган. Бишкектеги ал жашаган үйгө мемориалдьпс такта орнотулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 4376, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу