Африка төөкуштары (Struthtiouridarmes) - азыркы мезгилде жашаган куштардын эң ириси. Анын бийикт. 270 см (төбөсүнө чейин), салмагы 70–90 кгга көбүнчө 50 кг жетет. Буту күчтүү, эки гана манжалуу болгондуктан саатына 50 кмге чейин чуркай алышат. Жүнү жумшак, канат жана куйрук жүнү (төөкуш жүнү деп аталат) калың, эркегиники агыш, ургаачыныкы күрөң, бозомтук болот. Башы жана моюну кыска тыбыт, жүн менен гана жабылган. Негизинен Африкада таралган. үйүр-үйүр болуп (5–6) жүрөт, үйүрдө бир эркеги, калгандары ургаачылары болот. Ургаачысынын ар бири 6–8 жумурткасын бир эле уяга чогуу туушат. Түндүк Африкада 15–20, материктин түштүгүндө – 30, ал эми Чыгыш Африкада 50–60тан жумурткалары бар уяларды тапса болот. Жумурткасын түнкүсүн эркеги, күндүз – ургаачысы 5–6 жума басышат. Балапандары жөжө тибинде. Т. к. көбүнчө өсүмдүктөр – чөп, жалбырактар, мөмөлөр менен азыктанышат. Мындан башка алар майда чымчык, кескелдирик жана курт-кумурскаларды да жешет.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер