Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Афрасиаб

Афрасиаб — байыркы Согду мамлекетинин борбор шаары, Өзбек Республикасынын аймагында Самарканд шаарынын түндүгүнөн орун алган, аянты 219 гага жакын. Зороастризмдин ыйык китеби - «Авестада» Афрасиаб аталышы адам аты катары эскерилет. Ал эми эл арасында сакталып калган эзелки эпостордо Туран аймагынын башкаруучусу Афрасиаб шаарын салдыргандыгы айтылат. 4-кылымга чейин, башкача айтканда Александр Македонский басып алганга чейин аймактагы эң ири шаарлардын бири болгон. 8-кылымда Согду мамлекети Араб халифатынын курамына кошулгандан кийин, Афрасиаб шаары кол өнөрчүлүктүн жана сооданын борборуна айланып, мурдагыдан да гүлдөп-өскөн. 9-кылымдан бул шаар тарыхый булактарда Самаркан, 11-15кылымга таандык түрк тилиндеги эмгектерде Семизкент деген аталыш менен кездешет. 1220-жылы шаар Чынгызхандын аскерлери тарабынан талкаланган. Кийин анын жанына азыркы Самаркан шаары салынган. Афрасиаб шаарына археологиялык казуу иштерин алгач Борзенков (1874), В. В. Крестовский (1883), Н. И. Веселовский (1884-85, 1895),B. В. Бартольд (1904) жана В. Л. Вяткин (1905, 1912-13) жүргүзүшкөн. Казуу учурунда 10-кылымга тиешелүү чоң мечит, ошондой эле моңгол баскынчылары тарабынан өрттөлгөн мечит, шаардыктардын турак-жайлары, 7-8-кылымдагы хан сарайынын калдыктары, суу түтүктөрү, курал-жарактар, кооздук буюмдар жана башкалар табылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)