Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аэропорт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аэропорт

Аэропорт - аба порту, абага учуп чыгуучу жай дегенди билдирет. Биздин жер планетабыз аба океаны - атмосфера менен чулганган. Аба кемелери - самолёт, вертолёттор аны ары-бери кесе бардык багытта учуп жүрүшөт. Учуучу машиналар аэропортто жүгүн, жүргүнчүлөрүн түшүрөт, күйүүчү май куюп, жаңы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү алат. Мына аэропортко да учуп келип калдык. Төмөндө кенен, тегиз түздүк жатат, анда бетондолгон кыйма-чийме жолдор. Кээ бир жолдордун эки тарабын бойлото фонарлар орнотулган.

Бул самолёттор үчүн салынган учуу-конуу тилкеси деп аталат. Аларга самолёт жөргөлөп өтүүчү буруу жолдор туурадан биригет. Түздүктүн четинде ар түрдүү курулуштар жайгашкан. Алардын бири айнек-металлдан салынган чоң имарат - аэровокзал. Ал эми мунара болсо башкы команда пункту: анда диспетчерлер олтурат. Диспетчер бул жерден радио аркылуу самолёттор менен байланышып, аларга кайсы тилке жолго конуу, качан учуп чыгуу жөнүндө көрсөтмө берип, аба ырайы тууралуу маалыматтарды билдирет. Радиолокатордун экранынан ал тегеректеги аба мейкиндигин көптөгөн километрге чейин көрүп турат. Бул болсо калың туман же булут учкучтарга жолто болгон учурларда самолётту кондурууну башкарууга диспетчерге мүмкүндүк берет. Ала-була болгон бир нече чакан үйлөрдө да радиостанциялар жайгашкан.

Бул радиостанциялар жиберген сигнал боюнча учкучтар аэропортко адашпай түз учуп келишет. Аэровокзалдагы самолётторго көлөмдүү автоцистерналар май куят, ал жерде ошондой эле жүк ташыгыч машиналар, транспортёрлор да бар. Транспортёрдун тасмасы менен жүктөр самолёттун ичине жылып кирет. Атайын автобустар жүргүнчүлөрдү ташыйт. Самолёттон ыңгайлуу тепкич - трап аркылуу жүргүнчүлөр чыгышат. Алар ал жерден автопоездге - чакан автобуска чиркелген вагончолорго түшүп тез эле аэровокзалга түшүп келишет. Ал кадимки эле вокзалдарга, мисалы, темир жол вокзалы же автовокзалга окшош: мында да билет сатуу кассалары, почта, телеграф, жүк сактоочу жайлар, самолётко түшкөнчө жүргүнчүлөр олтуруучу зал, врачтын кабинети, ресторан жана башкалар бар. Аэропорт - чоң, татаал жана ызычуулуу чарба. Ошондуктан ал адатта шаардан алысыраак жерге курулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 689, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу