Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аэрофагия

Тамак-аш менен кошо желди ашыкча жутуу. Тамакты шашып жегенде, тамак жеп жатканда сүйлөө же көмүр кычкыл газдуу суюктукту (газдалган суу, пиво) өтө көп ичкенде карынга газ толот. Жагымсыз сезим пайда болуп, карын туш көөп чыгат, жел кекирүү менен коштолот. Дайыма тамакты туура эмес ичсе, А. такай болуп, уктаганда кекирүү басылат. А-нын кесепетинен карын туш ооруйт, дем кыстыгат. А-ны болтурбай коюу үчүн тамактануу режимин жөнгө салып, тамакты 4—5 маал аздан, шашпай ичип, тамак ичүү убагында сүйлөбөй, газдалган сууну ичпөө керек. Эгерде А. такай болсо врачка кайрылуу зарыл, себеби кээде А. мурун менен дем алуу бузулганда, тиш, ооз көңдөйүнүн, тамак сиңирүү органдарынын ооруларында, невроздо болушу мүмкүн. Ымыркай жана эмчектеги балада А. көбүнчө тамак сиңирүү органынын кызматы толук жетиле элегине байланыштуу, ошондой эле бош упчу же сүтү аз эмчек соргондо болот. А-нын кесепетинен тамактануу бузулуп, бала өтө арыктап, ичи көбөт, кээде эмчек эмбей калат, атырылтып кусат. Бул белгилер байкалганда эмизбей, башын өйдө көтөрүү керек, кусуп жибергенден кийин бала тынч алып калат.

Эмчектеги балада Анын белгилери билинери менен педиатр врачка кайрылуу зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)