Адышев Муса Мирзапаязович (1915-1980)

Кыргыз тоолорунда табигый байлыктар көп. Жер астында алтын, күмүш, жез, коргошун, темир, калай кендеринин жана көмүрдүн ири кору жатат. Бул кендерди геологдор таап, мекенге, элге белек кылышат. 1949-жылдын жай айлары. Түркүн гүлдөр жайнап, тоо арасы кулпуруп турган кез. Тектирде аппак чатырлар катар тигилген. Бийик тоонун бетинде иш кызып, тоо арасы шаңдуу. Бул жерде жаш геолог Адышев Мусанын отряды чалгындоо жумуштарын жүргүзүп жаткан. Ал кезде Муса илимдер академиясынын кенже илимий кызматкери болчу. Болочок окумуштуу Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айлында төрөлгөн.

Ал мектепте окуп жүргөндө эле жаратылышты жакшы көрчү. Тоого чыкканда ар түрдүү таштарды жыйнап, алардын купуя сырларын ачууну эңсөөчү. Бирок анын бул максаты дароо эле ишке аша койгон жок. Ал адегенде Жалалабаттагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, айылдык мектепке мугалим болуп иштейт. Ошентсе да геолог болууну унутпай, жаратылыш жөнүндөгү китептерди көп окуп, институтка өтүүгө даярданып жүрөт. Тилекке каршы согуш башталып, Муса өз ыктыяры менен Мекенди коргоого аттанат. Майданда далай эрдиктерди көрсөтүп, айлына кайтат да, Орто Азия мамлекеттик университетинин геология факультетин бүтүрөт.

Ошентип, Муса Теңиртоодо байыркы доордо эле калыптанган чөкмө тоо тектердин геологиясын, геохимиясын жана пайдалуу кен байлыктарын изилдеп, 45тен ашык илимий эмгектерди жазат. Акыры Борбордук Теңиртоодо көп кен байлыктардын бар экенин далилдеп, геология-минерология илимдеринин доктору деген илимий даражага ээ болот. М. Адышев Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын академиги, вице-президенти жана анын президенти да болгон. Мусанын эмгеги жогору бааланып, бир нече орден, медалдар менен сыйланган. Алайдагы тоолордун бирине, геология институтуна жана Бишкек шаарындагы көчөгө М. Адышевдин ысмы коюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)