Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Адылов Султан

Адылов Султан - (1934-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Желе-Дөбө кыштагы) - химик, химия илимдеринин кандидаты (1964), профессор (1991). КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). Москвадагы Д. И. Менделеев атындагы МХТИни (1957), СССР ИАнын Топчиев атындагы нефть-химиялык синтез институтунун аспирантурасын (1963) бүтүргөн. ФПИде улук мугалим, доцент, 1969-жылдан КМУнун органикалык химия кафедрасынын башчысы. Илимий багыты бирикмелерди синтездөө жана изилдөөгө арналган. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде монографиясы, 9 окуу китеби жана окуу куралдары бар. Ж. Баласагын атн. сыйлыкты алган (1998). Эмгектери: Сульфидообразование в условиях электроэрозии металлов (соавторстве). Фр., 1989, Органикалык химия (авторлош). Б., 1991, Органикалык бирикмелерди кычкылдандыруу ж-а калыбына келтирүү реакциялары. Б., 1991,. Органикалык химия (авторлош). Б., 1997, Органикалык химия курсу (авторлош). Б., 2003.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)