Адвокаттык сыр (жактоо сыры)

Адвокаттык сыр (жактоо сыры) – адвокаттын (жактоочунун) өзү жактап жаткан кардарлар менен жашыруун сырдашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган кесиптик, кызматтык сырдын бир түрү. Адвокаттын жардам сурап кайрылган тараптын маселерине байланыштуу берген кеп-кеңештери, нускалары, түшүн¬дүрмөлөрү А. с-га жатат. А. с-ды сактоо – адвокаттын милдети. Адвокаттын ишине аргандай түрдө башка жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын, уюмдардын кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Жактоочулук, же өкүлчүлүк милдетин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон жагдайлар боюнча адвокат күбө катары суракка алынбайт. Жарандык, административдик жана кылмыш-жаза процесстеринде А. с-дын негизин түзгөн маалыматтарды далил катары колдонууга болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)