Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Адрианополь тынчтык келишими (1829)

Адрианополь тынчтык келишими (1829) - Россия менен Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828-29-ж.) жыйынтыгында кол коюлган. 1829-ж. 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне шаары) шаары да 25 жылдык мөөнөт менен кол коюлган. Келишим боюнча Дунайдын Чаты аралы менен Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань дарыясынын чатынан Ажариянын түндүк чегине чейин, ошондой эле Ахалкалаки жа Ахалцик чептери чет жакасы менен Россияга өткөн, Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын жана Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын жана чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор менен Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия жана Валахия) автономияга ээ болушкан. Адрианополь тынчтык келишимин түзүү менен орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн, Молдавия, Грекия, Валахия жана Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)