Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Адипин кислотасы

Адипин кислотасы (1,4 - бутандикарбон), СООН - (СН2)4-СООН - эки негиздүү карбон к-тасы. Мол. масс. 146,14, түссүз, балкып эрүү t 149-150оС, кайноо t 216-265оС болгон кристаллдык зат. Сууда начар, спиртте жакшы эрийт. Өнөр жайларда ар кандай ыкмалар менен, мис., циклогексанолду катализатор катышуусунда суюлтулган азот к-тасы же абадагы кычкылтек менен окистендирүүдө алынат:

Тетрогидрофуран же бутандиол – 1,4, жана А. к-нын динитрилин гидролиздөө менен да алууга болот. Карбон к-таларына мүнөздүү болгон реакцияларга кирип, туз, эфир, амид жана башка туундуларын берет. Са туздарын ысытканда циклопентанонду пайда кылат. Эфирлери пластификатор жана майлоочу май катары колдонулат. Этиладипинат этилдешкен бензин о. с-н жогорулатууда, колдонулат. Өнөр жайларда А. к-нын гексаметилендиамин менен конденсацияланышынан найлон алынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)