Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Адилеттик

Атасы жумуштан келгенден кийин адатынча уулунун күндөлүгүн караса, бир сабактан "эки" алыптыр. Мунун жайын сураганда уулу: мурунку күнкү сабакта досу экөө бир нерсеге алаксып, өтүлгөн темага жакшы көңүл бурбагандыктарын айтты. Кийинки күнү мугалим андан, кечеги өтүлгөн теманы сурап калат. Бала берилген суроого жооп бере албай эки алат. - Агайыңкы абдан туура, - дейт атасы - адилеттик менен баа койгон. Ошондой эле кандайдыр бир талаш маселени туура чечүү да адилеттикке жатат. Өткөн замандарда талаш маселелерди калыс аксакалдар, кийинчерээк бийлер, казылар чечүүгө милдеттүү болушкан.

Кыргыз элинин уламышында бир адилет карыя татаал талашты кантип чечкендиги жөнүндө айтылат. Ортолорундагы бир баланы талашкан эки эне (өгөй жана өз энеси) калыс аксакалдын алдына келишет. Экөөнүн тең койгон талаптары, айткан далилдери орундуу, туура экен. Калыс бир аз ойлонуп турат да: менин айлам кетти, тек гана баланы тең жарып, экөөңө бөлүп берейин, туурасы ушул дейт. Анда өгөй эне: бөлсөң бөл, бирөөбүзгө эле кеткиче бөлүп алганыбыз оң деп макул боло кетет. Ал эми баланын өз энеси: - "жок, балага тие көрбөңүз, кайда жүрсө да аман болсун, мен баламды бердим" деген экен. Анда карыя талапты адилеттик менен чечип, баланы өз энесине алып берген экен. Себеби, эне баласын эч убакта өлүмгө кыйбайт да...

Адилет болууга кичинекейинен көнгөн жакшы. Көргөн-билгендеринен жыйынтык чыгарып, адамдардын бири-бири менен болгон мамилелеринин, жасаган иштеринин туура же туура эмес жактарын териштирип, сергектик менен баалай билүүгө үйрөнгөн баланын сезими, ой-пикири адилеттикке багыт алып, калыптана берет. Качан да болсун адилеттик жеңет. Ал жашоо турмушубуздун туура багыты. Ак ниеттүү ар бир адам карасанатайлык, зомбулук, алдамчылык менен келишпес күрөш жүргүзүп, дайыма чынчыл болуусу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)