Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Адамдын турмушундагы ден-соолугунун мааниси

Ден соолук деген - оорулардын гана жоктугу эмес, бул адамдын физикалык, психикалык саламаттыгы жана коомдогу аманчылыгы. Дене саламаттыгын организмде нормалдуу жүрүп аткан физиологиялык процесстер, психиканын саламаттыгын - психикалык процесстер, ал эми адептүүлүк саламаттыгын адамдын инсандык сапаттары аныктайт. Саламаттыктын бул түрлөрү бири-бири менен байланышта. Эгерде бир нерсе адамдын жүрөгүн өйүп-оорутуп турса, психикасын бузса, дененин ден-соолугунун начарлашына алып келет. Ал эми адам адеп-ахлактарды сактабай жүрсө, анын психикасы бузулат.

Ден-соолук - эң чоң өмүр байлыгы. Адам саламатта болбосо турмуштун көп жакшы көрүнүштөрүнөн куру калат. Киши төрөлгөндө белгилүү өлчөмдөгү ден соолукка ээ болот. Андан аркы турмушунда муну өөрчүтүп же жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн саламаттыгынын баалай билип, аны чыңдоого милдеттүү. Адамдын саламаттыгы анын эле жеке байлыгы эмес, бул коомдун да байлыгы.

Анткени коомдун өнүгүшү түздөн-түз коомдун ар бир мүчөсүнүн саламатта, жемиштүү эмгектениши, өзүнүн потенциалын толук ачышы менен байланышта. Ден-соолукка терс таасир эткен нерселер көп. Бул айлана чөйрөнүн ыңгайсыз шарттары: бөтөнчө муздак же ысык температура, ашыкча нымдуулук, аркыраган шамал ж. б. Аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүшү жүрөктүн итттине таасир этет. Организмдин муктаждыгын эске албай тамактанса, зат алмашуу процесстери бузулат, тамак сиңирүү, кан айлануу системаларынын оорулары пайда болот. Туура тамактануу оорулардын алдын алууга эле керек болбостон дарылоо кызматын да аткарат. Ден-соолукту сактаганга, чыңаганга көмөк болгон нерселер илгертен эле адамга белгилүү. Ашыкча тамак жеген адам ооруга чалдыгаарын байкаган чыгыш элдери мындай макал ойлоп табышкан “Ашыкча тамак жеген адам, тиши менен өзүнө көр казат”. Саламаттыкты бекемдөөгө көмөк болгон заттар тамак-ашта аз эмес. Сасык тумоо менен ооруган адамга мурунтан эле пияз, сарымсак берилчү, анткени алар ооруну козгоочу микробдорду өлтүрүүчү заттарга бай. Ден-соолукту сактап, бекемдеш үчүн аны чыңдоо, өздүк гигиенанын эрежелерин билип, колдонуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 2720, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо