Адабияттын партиялуулугу

Адабияттын партиялуулугу — адабият жана искусство чыгармаларынын көркөм-эстетикалык негизи.

Бул маселе К. Маркс жана Ф. Энгельстин эмгектеринде карала баштаган. В. И. Ленин «Партиялык уюм жана партиялык адабият» жана «Пролетардык маданият жөнүндө» деген макалаларында адабияттын партиялуулугу жөнүндө кеңири теориялык түшүнүк берген.

«Адабият иши уюмдашкан, пландуу түрдө баш кошкон социал-демократиялык пар¬тиялык жумуштун составдуу бөлүгү болууга тийиш»,— деп көрсөткөн В. И Ленин.

Ар кайсы таптык коомдо ар кандай таптар бири-бири менен күрошүп келген, бул күрөштө сөз чеберлери бейтарап калышкан эмес, алар бул же тигил таптын кызыкчылыгыи көздөгөн, өзү жан тарткан таптын идеяларын чыгармачылыгында корсоткон. Адабияттын партиялуулугу жөнүндөгү лениндик принцип жазуучуларды турмушка жакын болууга, элдин, партиялык деми менен биригүүгө үндөйт. Адабияттын партиялуу¬лугу жазуучунун эркиндигине тоскоол болбойт, кайра аны колдойт. Партия элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшөт, а жазуучунун чыгармасы партиянып идеологиялык күрөшүнүн курч куралы болот. В. И. Ленин адабият иши бүткүл пролетардык иштин маанилүү бөлүгү болуш керектигин айткан. Адабияттын партиялуулугу адабияттын таптуулугу жана элдүүлүгү принциптерине жакын түшүнүк.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)