Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Ачкалык

Физиологиялык кубулуш; организмдин азыкты физиологиялык талап кылуусун билдирген сезим. Кайсы гана жаныбар болбосун, өзүнүн кыймыл - аракетин тамактанууга багыттайт. Ачка болгон учурда карын ооруп, түйүлөт, ооздон «кара суу» келет («өзөк караят»), баш айланып ооруйт, зат алмашуу төмөндөйт. А. кандын составында азык заттын азайышы («ачка кан») менен мүнөздөлөт. Борбордук нерв системасында тамактануу борбору жайгашып, ал ачкалык жана токчулук борборлоруна бөлүнөт. Ачкалык борборунун козголуусу ачка болуу сезимин, токчулук борбору тамактануу учурунда козголуп, ток болуу сезимин туудурат. Бул эки борбордун бири козголгондо экинчиси тормоздолуп турат. Ушуга байланыштуу ачка же ток болуу сезимдери кезектешип сезилет. Ачкалык жана токчулук сезимдерин жөнгө салууда организмдеги топтолгон азыктардын мааниси чоң. Организмдеги жыйылган азыктардын канга чыгарылуусу запас азыктын баары сарптала электе эле токтолот. Мындай кубулуш ачкалык сезимди туудурат, бардык жаныбарлар жана кишилер тамактануу аракетине өтөт.

Ачкалыкты организмдеги тамак-аштын запасы азайганда, башкача айтканда кеч сезүү — кахексияга (өтө арыктоого), ал эми бат - бат сезүү өтө семирүүгө алып келет. Организмде топтолгон азыкты сарптоону жөнгө салуу нерв жана эндокрин системаларынын абалына жараша болот. Эгерде ачкалык борбору кеч же такыр тормоздолбосо, киши такыр тойбой, тамакты көп жейт, ал эми тескерисинче ачка болуу борборунун козголуусу басаңдап калса, анда ал киши тамакты аз жеп, организмдин физиологиялык керектөөсү камсыз болбой калат. Көпчүлүк семиз кишилер соргок келип, алардын ток болуу борбору кечигип козголот. Токчулук сезими нерв системасынын сезгичтигине байланыштуу; тамак карынга түшкөндө, анын сезгич нервдери дүүлүгүп, козголууну токчулук борборуна өткөрөт. Тамактануудан 1,5—2 сааттан кийин азык зат канга сиңип, ток сезим пайда болот. Ошондон кийин гана кан «ач болбой» организмдин нормалдуу тиричилик аракетин камсыз кылуучу азык заттар анда жетиштүү болот. Ач жана ток болуунун жөнгө салынышы (башкарылышы) бузулбоо үчүн өз убагында тамактануу, эс алуу жана башка шарттар чоң мааниге ээ. А. менен дарылоо илгертен бери көп элдердин (Орто Азия, Кытай, Индия жана башка) элдик медицинасында кеңири тараган. Мезгил-мезгили менен ачкалыкта болуу дарылоо гана эмес, адамдын көп сапаттарын (эркин, мүнөзүн жана башка) жакшыртууга жардам берет, организм ашыкча майдан бошойт, шлактар (туздар) сыртка чыгат.

А. учурунда өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Ошондуктан мындай дарылоо ооруканада, врачтын байкоосунда жүргүзүлөт. Ал эми туберкулёз, рак, жүрөк, боор, кан оорулары менен ооруган адамдарга А. менен дарылануу жарабайт. Ачка болуу — организмдин тамак-аштын жоктугунан же жетишсиздигинен, ошондой эле тамактануу режими бузулуп, тамак сиңирүүнүн начарлашынан болгон абал. Ачка болуу физиологиялык кубулуш катары жаратылышта кеңири таркаган, мисалы, кээ бир жаныбарлар (суур, аюу жана башка) чээнге кирген учурда байкалат.

Ачка болуу мезгилинде организмде зат жана энергия алмашуу өтө жай жүрөт. Бул жаныбарларга активдүү жашоого жагымсыз мезгилде аз энергия сарптап, тиричилигин узакка сактоого мүмкүндүк берет. Патологиялык ачка болуу тамак-аштын жоктугунан же жетишсиздигинен жана башка болот. Ачка болуу толук (тамаксыз), абсолюттук (тамак-ашсыз жана суусуз) жана толук эмес тамак-аштын аздыгынан же алардын составындагы кээ бир заттардын (май, белок, витаминдер жана башка) жетишсиздигинен] болуп бөлүнөт. Толук жана абсолюттук ачка болууда организм запас топтолгон тамак заттардын (айрыкча майдын) энергиясын сарптоо менен тиричилигин сактайт.

Ачка болуу мезгилинде зат алмашууну күчөтүүчү бардык шарттар (күч эмгеги, айлана чөйрөнүн температурасынын төмөндөшү, түрдүү оорулар жана башка) азык заттын сарпталышын көбөйтүп, организмдин өлүмүн тездетет. Толук ачка болууга жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнүн чыдамдуулугу ар башка. Мисалы, майда канаттуулар 2, чычкан 2—4, көгүчкөн 10—14, коён 15, тоок 14—20, ит 40— 60, жылкы 80, адам 65—70 күнгө чейин ачка жашай алат. Жаш, өсүп жаткан организм улгайгандарга караганда ачкачылыктан өлүмгө тез учурайт. Улгайган кишилер жана жаныбарлар ачка болууга чыдамдуу келет.

Анткени организм карыган сайын анын зат алмашуусу, клеткалардын тиричилик ишмерлиги төмөндөйт. Ачка болууга эркектерге салыштырганда аялдар чыдамдуураак, ушундай эле көрүнүш бардык жаныбарлардын эркек - ургачысында байкалат. Ачка болууда тамак-ашта белоктун жетишсиздиги чоң роль ойнойт. Мында органдардын иштеши, суу жана зат алмашуу жана башка бузулат. Адегенде тамакты эңсеп, табити аябай ачылат, кээде шишик басып, бат чарчайт, акырындап абалы начарлайт, өтө арыктап, булчуңдары алсызданат, ич катып кыйналат, психикасы өзгөрүү мүмкүн; ишке жөндөмү жоголот. Ички секреция бездеринин функциясы өзгөрүлөт, жүрөк кичирейип, дем алуу бузулат, витамин жетишсиздиги пайда болот. Толук ачка болуу 3 мезгилге бөлүнөт. 1-мезгили алгачкы көнүгүү мезгили (2—4 күн) болуп, зат, газ алмашуу төмөндөйт, алгачкы күндөрү энергия углеводдордун, кийин майдын кычкылдануусунан алынат; сийдикте азоттун концентрациясы азаят. 2-мезгилде углеводдордун кычкылдануусу жана азотту бөлүп чыгаруу төмөндөйт, жылуулук, энергия майлардын (май кислоталарынын) кычкылдануусунан ажырайт, сийдикте креатин көбөйөт.

Булчуң ишине баштагыдай эле углеводдордун энергиясы колдонулат. Жылуулук энергиянын булагы май болгондуктан кыртыш жана ич майлардын массасы акырындап азаят. Ачка болуунун 2-мезгилинде физиологиялык функциялар — температура, кан басымы, кан айлануу канааттандырарлык сакталат. Ачка болуунун 3-мезгили терминалдык (өлүм алдында) деп аталып, 2—5 күнчө созулат. Бул учурда майдын запасы толук жок болот. Тиричиликке керектелүүчү энергия белоктордун кычкылдануусунан ажырайт. Ушуга байланыштуу сийдикте азот, кетондор көбөйөт, ферменттерди бөлүп чыгаруу начарлайт, нейро-эндокриндик жөнгө салуу жана башка бузулуп, адам өлүмгө учурайт. Толук эмес ачка болуу узагыраак жашоого мүмкүнчүлүк берет, себеби мындай учурда организм аз да болсо тамактанып турат.

Эгерде А-тын бул түрү көпкө созулса организмдеги белоктор, витаминдер жана башка азайып, жетишсиз тамактануу дистрофия оорусуна чалдыктырат. А. социалдык кубулуш катары калктын чоң тобуна тамак-аштын узакка жетишсиздиги менен мүнөздөлөт. А-тын бирден-бир себеби — табигый кырсыктар, согуш жана материалдык жыргалчылыктын текши бөлүштүрүлбөгөндүгү. Ошондуктан таптык коомдо калктын белгилүү бөлүгү эч кандай табигый кырсык, согуш болбосо деле жетиштүү тамактана алышпайт. Айрыкча Латын Америкасы, Азия, Африка өлкөлөрүндө жашаган калктын көбү негизги азык заттарын жетишсиз алышат. Натыйжада ал жерде экономикасы өнүккөн өлкөлөргө караганда жугуштуу оорулар, туберкулёз, белок жана витамин жетишсиздиги, өлүм-житим, айрыкча балдардын өлүмү көп болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)