Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Абшыр көмүр кени

Абшыр көмүр кени – Ош облусунун Ноокат районунда, Абшыр суунун боюнда. Кызыл-Кыя шаарынан 28км чыгыш тарапта. Кен 1934-жылдан белгилүү. Көмүр казып алуу 1967-ж. башталган. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү менен байланышкан. Структуралык түзүлүшү боюнча кен Абшыр-Карьердик, Түндүк Абшыр, Чыгыш Абшыр деп үч бөлүккө бөлүнөт. Кабаттардын орточо калыңдыгы 6,78 мден 17,90 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча көмүр 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,48%, орточо күйүү жылуулугу 6515 ккал/кг түзөт. 1997-жылга карата Абшыр-Карьердик участогунун калган запасы 1548 миң т. Абшыр разрезинин техникалык чегарасынан тышкаркы бөлүгүндөгү көмүрдүн запасы 8,5 млн т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)